Инвестициялык хабдардын потенциалы жана эл аралык тажрыйба

Понедельник, 16 Декабрь 2024 14:00

Мамлекеттик инвестициялык саясат боюнча семинардын алкагында инвесторлорду тартууга багытталган инвестициялык хабдарды өнүктүрүү жана инновациялык ыкмаларды ишке киргизүү темасына арналган сессия болуп өттү.

Чолпон Асакеева, Катчылыктын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча адиси, инвестициялык хабдарды түзүү боюнча эл аралык тажрыйбаны сунуштады. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын аймактарынын муктаждыктарына ылайыкташтырууга мүмкүн болгон мыкты практикаларды баяндады. «Бүгүн Лондон глобалдык бизнес, финансы, технологиялар жана билим берүү борбору болуп эсептелет. Шаар бизнеске чет элдик инвестицияларды тартууга жана жергиликтүү компанияларды дүйнөлүк рынокко чыгарууга атайын иштелип чыккан стратегияларды сунуштап, ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү берет», — деп белгиледи Асакеева.

Азем Акматбек, Катчылыктын укуктук маселелер боюнча адиси, өз сөзүндө инвестициялык хабдардын ийгиликтүү иштеши үчүн укуктук негиздердин маанисине токтолду.

«Дүйнөлүк тажрыйба инвестициялык хабдарды түзүү жана өнүктүрүү укуктук туруктуулукту жана ачыктыкты талап кыларын көрсөтөт. Ийгиликтүү үлгүлөрдүн бири катары Сингапур моделин айтууга болот. Ал айкын регламенттердин, так укуктук механизмдердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо кепилдигинин негизинде инвестицияларды ийгиликтүү тартууда. Биз Кыргызстандын аймактарын инвестициялык жактан кызыктуу кылуу үчүн ушундай эле ыкмаларды ишке киргизүүгө аракет кылуудабыз», — деп белгиледи Акматбек.

Сессиянын катышуучулары ошондой эле «Бирдиктүү терезе» системасы жана АИС «Инвестициялар» платформасы сыяктуу инновациялык инструменттерди ишке киргизүү мамлекет менен бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун кантип жогорулата аларын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү аймактык демилгелерди кантип колдоону талкуулашты.