Инвестициялык климат: диалог, ишеним, өнүгүү

Понедельник, 16 Декабрь 2024 13:56

Мамлекеттик инвестициялык саясатты ишке ашыруу жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча семинардын алкагында мамлекет менен инвесторлордун өз ара аракеттенүүсүнө арналган сессия болуп өттү. Негизги көңүл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин жана облустардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн алдында түзүлгөн Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) ишине бурулду.

Катчылыктын экономикалык маселелер боюнча башкы эксперти Алмазбек Обосбекович Мусабеков Кеңештин ишмердүүлүгү жана негизги жетишкендиктери тууралуу кыскача маалымат берди. «Биз инвесторлорго тыкыр иштелип чыккан долбоорлорду сунушташыбыз керек. Ошондой эле өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду мамлекеттик колдоо механизмин иштеп чыгуу зарыл. Улуттук деңгээлде Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ири инвесторлор менен иштейт. Ал эми аймактарда чакан жана орто бизнес долбоорлорун колдоо жана коштоо керек», — деп белгиледи Мусабеков.

Бакытбек Таалайбекович Самаков, укуктук маселелер боюнча башкы эксперт, регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди.
«Ош жана Ысык-Көл облустарында кеңештердин жаңы курамдары түзүлүп, жаңы регламенттер бекитилди. 2025-жылдан тарта ар бир аймакта кеминде үч эксперт иштей баштайт», — деп билдирди Самаков.

Спикерлердин белгилешинче, мамлекет менен бизнес ортосундагы ачык диалог жана ишеним туруктуу экономикалык өсүштүн негизги элементтери болуп саналат жана түз чет элдик инвестицияларды тартууда маанилүү курал катары кызмат кылат.