Климаттын өзгөрүүсү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык аспектилерине таасир этет. Өз кезегинде ал, экологиялык таза технологияларды колдонууну, сырткы факторлорго туруктуулукту күчөтүүнү жана бизнес стратегияларын жаңы реалдуулуктарга ыңгайлаштырууну талап кылат. Жашыл экономиканы өнүктүрүү жана ESG (экология, социалдык жоопкерчилик жана корпоративдик башкаруу) принциптерин ишке ашыруу жөн гана зарылдык эмес, ал туруктуу өсүү жана өлкөнүн узак мөөнөттүү жыргалчылыгы үчүн негиз болуп саналат.
5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде бизнес, инвестициялык жана ГЧП долбоорлорун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу маселелерине арналган жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга КР Экономика жана коммерция министрлигинин, МЖӨ борборунун, КР Кайра ишетүүчү энергия ассоциациясынын, Кыргызстандын банктар союзунун, Эл аралык бизнес кеңештин, ОБСЕнин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты. Талкуулар 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.
Жолугушунун жыйынтыгы менен Инвестициялык кеңештин катчылыгынын аянтчасында мамлекеттик жана жеке уюмдардын, ошондой эле эл аралык өнүгүү программаларынын өкүлдөрүнөн турган консультациялык топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул топтун маанилүү милдети бизнес-процесстерди өзгөрүлүп жаткан климаттык шарттарга ыңгайлаштыруу боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгуу жана ГЧП принциптерине негизделген ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы жашыл демилгелерди ишке ашыруу, өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана туруктуу экономикалык өсүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган демилгелерди колдоону улантууда.