Кыргыз Республикасы менен Армениянын катчылыктарынын ортосунда таанышуучу онлайн жолугушуу

Понедельник, 18 Ноябрь 2024 10:37
4-ноябрда Кыргыз Республикасы менен Армениянын Инвестициялык кеңештеринин катчылыктарынын ортосунда таанышуучу онлайн жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чара эки өлкөнүн катчылыктарынын кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.
Инвестициялык кеңештер Кыргызстанда эле эмес, ошондой эле 11ден ашуун мамлекетте, анын ичинде Арменияда, Грузияда, Молдовада, жана башка өлкөлөрдө да иш алып барышат. Бул органдар мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы диалог үчүн аянтча болуп, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана жалпы бизнес чөйрөнү жакшыртууга көмөк көрсөтөт.
Катчылыктардын жетекчилери — Улук Кыдырбаев жана Овсеп Патваканян — өз командаларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн талкуулашып, учурдагы демилгелерди карап чыгып, өз өлкөлөрүндө инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Жолугушуунун катышуучулары өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоо жана тажрыйба алмашуу менен бирге экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартууга багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу максатында мындан ары дагы жолугушууларды өткөрүүгө үмүттөнүшөрүн билдиришти. Мындай өз ара аракеттешүүлөр Инвестициялык кеңештердин ишинин сапатын жогорулатууда жана эки өлкөнүн туруктуу өсүшү жана гүлдөп-өнүгүүсү үчүн бекем пайдубал түзүүдө маанилүү роль ойнойт.