РЕПОРТАЖ "ЭлТР" Ысык-Көл облусунда РИК

Ысык-Көл облусунда Регионалдык Инвестициялык кеңеш ишке киргизилди

Биринчи жыйында талкууланган негизги темалар: «Регионалдык Инвестициялык Кеңештер: Туруктуу экономикалык өнүгүүнүн негизги өзөгү катары натыйжалуу мамлекеттик-жеке диалог» жана «Ийгиликтүү МЖӨ: Региондордун социалдык-экономикалык маселелерин өнөктөштүк аркылуу чечүү».

Отурум Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен биргеликте, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен уюштурулган.
Эфирдин толук версиясы шилтеме аркылуу жеткиликтүү