31-майда Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаевдин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Регионалдык Инвестициялык кеңештин (РИС) катчылыгын институционалдык жактан чыңдоо, Кеңештин кезектеги отурумуна күн тартибин даярдоо маселелери, ошондой эле региондогу инвестициялык климатты жана бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган жаңы демилгелер талкууланды.
Бул жолугушуу ОшМУнун 85 жылдыгына арналган “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору” аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү эл аралык форумунун алкагында өттү.
Кыргызча
English
Русский