Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жана БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жолугушуусу

29-майда Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран менен Өнөктөштүк боюнча координатору Азима Абакированын жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууда кызматташуунун келечегин талкуулашты. Башкы максат - жеке секторду экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруунун (ESG) көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жана туруктуу инвестициялык практиканы кабыл алууга дем берүү.

Талкуунун жүрүшүндө БУУнун Аялдар уюму бир катар демилгелер жана иш-чаралар менен бөлүштү, анын ичинде аялдардын дүйнөлүк капиталга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, аял ойлоп табуучуларды жана илимпоздорду колдоо, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча аракеттер. Эки тарап тең бул чөйрөлөрдө биргелешип иш алып баруу синергетиканы жаратып, гендердик теңчиликке жетишүүдө жана Кыргыз Республикасында аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө олуттуу прогресске көмөктөшөт деп макулдашышты.