Баткенде 3-регионалдык инвестициялые кеңеш өттү

2024-жылдын 17-апрелинде Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кызматкерлери – экономика жана МЖӨ боюнча башкы адиси Шаршеев Айдин жана укуктук маселелер боюнча башкы адиси Самаков Бакытбек, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 3-отурумуна катышышты. Регионалдык инвестициялык кеңештин жыйынына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С. Сейитов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сариев Т.А., БУУӨПтүн башкаруу жана тынчтыкты куруу бөлүмүнүн башчысы Уразбаева Э.К., ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаева А.К. төрагалыгы алдында айыл чарба кластерлерин киргизүү жана ишке ашыруу, сатып алуучуларды табуу, балык чарбасын өнүктүрүү жана жаңы баштаган ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери каралды. Талкуунун жыйынтыгы менен талкууланган маселелердин аткарылышы боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр жана тапшырмалар берилди.

Отурумдун жүрүшүндө Баткен Регионалдык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын адисин киргизүү чечими кабыл алынды.