Секретариаттын кызматкерлери

Талайбек Койчуманов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Секретариатынын катчысы, экномика илимдеринин доктору, экономиканын профессору, “Даңк” медалынын ээси, Экономика кызматташтык уюмунун эл аралык сыйлйгынын ээси.

Билими: экономиканын магистри, Кыргыз Мамлекеттик Университети (1973-1978); экономика илимдеринин кандидаты, Москва Мамлекеттик Университети (1987), илимдин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Академиясы (2000), экономиканын профессору (2003).

Иш тажрыйбасы: Мамлекеттик кызматтарда ар кандай жогорку кызмат орундарын ээлеген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министри (1996-1998-жж.), Кыргыз Республикасынын Экономика министри (1994-1996-жж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Экономика саясаты бөлүмүнүн башчысы (1993-1994-жж.) 2000-жылдан тартып ПРООН, DFID, Эл аралык банк, ЕӨРБ (ЕБРР) сыяктуу эл аралык финансылык уюмдарда иштеген.

Кесиптик адистиги: мамлекеттик кызматтын реформасы, макроэкономика, Мамлекеттик финансылар, социалдык саясат.


Рафкат Хасанов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Секретариатынын Экономика жана финансы маселелери боюнча эксперти
Экономиканын магистри, салык кызматынын экинчи рангдагы Мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени ыйгарылган, улуттук валютаны даярдоого, киргизүүгө жана анын туруктуу иштешин камсыз кылууга сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Билими: 1985-жылы Новосибирск Мамлекеттик Университетин экономикалык кибернетика адистиги боюнча аяктаган. 2002-жылы Уильямс Коллежин «өнүгүүнүн экономикасы» адистиги боюнча аяктаган.

Иш тажрыйбасы: Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландык комитетинин Экономика институтунда иштеген. КР эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып 9 жылдын ичинде мамлекеттик органдарда финансы министринин орун басары жана КР Президентинин Администрациясынын Экономикалык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. 1999-жылдан тартып 2001-жылга чейин КР Премьер-министринин Аппаратында Фискалдык реформалар долбоорунун жергиликтүү консультанттар тобунун жетекчиси болгон. 2003-жылдан тартып «Инвестициялык тегерек стол» АКтын аткаруучу администратору болгон. 2006-жылдын 1-апрелинен тартып «Инвестициялык тегерек стол» АКтын аткаруучу директору болуп дайындалган. Ошондой эле 2007-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Секретариатынын Экономика жана финансы маселелер боюнча эксперти болуп саналат.

Кесиптик адистиги: фискалдык сектордун реформасы, салык мыйзамдары, мамлекеттик финансылар (гендердик бюджеттештирүүнү кошуп), макроэкономикалык моделдештирүү жана кирешени болжолдоо, инвестицияларды алдыга жылдыруу, бизнес-чөйрө жана жөнгө салуудан баш тартуу саясаты.


Толкун Шакеев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Секретариатынын Укуктук маселелер боюнча эксперти

Билими: Кыргызстандагы Эл аралык университетти 1998-жылы аяктап, дипломатия жана эл аралык укук искусствосунун бакалавры даражасына ээ болду. 2004-жылы Кыргыз Улуттук Университетин бүтүрүп, жарандык укуктардын магистри даражасына ээ болду.

Иш тажрыйбасы: 1998- 2002-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде иштеген. 2002-жылдан тартып 2004-жыл бою «Legal Trust» юридикалык компаниясында башкы директордун укуктук маселелер боюнча кеңешчиси болуп эмгектенген. 2004-жылдын октябрынан тартып 2007-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Укуктук саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2007-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Секретариатынын Укуктук маселелер боюнча эксперти болуп эмгектенүүдө.
Кесиптик адистиги: жарандык-укуктук ишмердик.


Аскат Сеитбеков


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Секретариатынын Экономикалык жана финансылык маселелер боюнча эксперти
КР Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Ардактуу грамотасы менен, приказом Бишкек шаардык статистикалык башкармалыгынын буйругу менен алкыш жарыяланган, КР Премьер-министринин тескемеси менен КР Премьер-министринин кол сааты менен сыйланган, «Соода-экономикалык иштин отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

Билими: 1995-2000-жж. Кыргыз Улуттук Университетинин Экономика факультетинде окуп, «Финансы жана кредит» адистигине ээ болгон.
Класстык чени: 2-класстагы мамлекеттик кызтаттын кеңешчиси.

Иш тажрыйбасы: Мамлекеттик органдарда ар кандай кызматтарда иштеген, анын ичинде КР Өкмөтүнүн Аппараттындагы Экономика, соода, туризм жана ишкердүүлүк бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР Экономиканы жөнгө салуу министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндө “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын башкы директору, КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратында Экономика, өнөр жай жана ишкердүүлүк бөлүмүнүн башчысы кызмат орундарын ээлеген. 2010-жылдын июнунан тартып КР Эсеп палатасынын Кеңешинин мүчөсү, 2007-жылдын ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Секретариатынын Экономикалык жана финансылык маселелер боюнча эксперти болуп эмгектенет.

Кесиптик адистиги: Фискалдык сектордун реформасы, бажылык администрациялоо, тышкы соода, экономика тармактарынын өнүгүүсү.