Чэнду-Хунмэн унаа компаниясы менен жолугушуу

15-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү менен Кытайдын унааларды жеткирүүгө адистешкен "Чэнду-Хунмэн" компаниясынын делегациясынын расмий жолугушуусу болуп өттү.

Компаниянын маалыматы боюнча, жылдык соода көлөмү 50 миллиард юандан ашык, ал эми жеткирүү көлөмү 300 миңден ашык унааны түзөт. Компания Кытайдын батышындагы рыноктун 35% көзөмөлдөйт жана электроунааларды тейлөө жана колдоо кызматтарын көрсөтөт. Компания автоунааларды экспорттоо жаатында дүйнөнүн 75 өлкөсү жана региондору менен кызматташып, иштегенден баштап жалпы суммасы 980 миллион АКШ долларынан ашык товар саткан. Компания ошондой эле өнөр жай технологиясы, инвестиция жана башка иш-чаралар менен алектенет, 1000ден ашык кызматкерлери бар.

Жолугушууда компания учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде эл аралык долбоорлор менен кеңири тааныштырып, Кыргыз Республикасындагы бизнесин кеңейтүүгө кызыктар экендигин билдиришти. Электроунаалар үчүн инфраструктураны өнүктүрүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кызматташуу боюнча сунуштар талкууланды.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы бул демилгени колдоорун билдирип, кыргыз-кытай бизнес байланыштарын түзүүгө жана өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады. Эки тарап тең өлкөнүн экономикасынын өсүшү жана өндүрүш тармагын модернизациялоо үчүн бул чөйрөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти жана долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыдагы кызматташуунун техникалык-экономикалык аспектилерин талкуулоо үчүн кийинки жолугушууларды өткөрүү пландарын макулдашышты.