ПРЕСС-РЕЛИЗ Регионалдык Инвестициялык кеңештин отуруму

ПРЕСС-РЕЛИЗ

 

Регионалдык Инвестициялык кеңештин отуруму

 

Ош шаары, Кыргыз Республикасы

12-апрель күнү, Ош шаарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Регионалдык Инвестициялык кеңеш өз ишин ийгиликтүү баштады. Иш-чарага мамлекетти жана жеке сектордун өкүлдөрү чогулуп, учурдагы региондун экономикалык прогрессин талкуулашты.

Иш-чаранын башкы максаты мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү, салык системасындагы инновациялар жана региондордо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) мүмкүнчүлүктөрү тууралу жеке секторду маалымдоо аркылуу региондун экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болгон.

Отурумдун башында, кириш сөздөрү менен мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү иш-чараны расмий ачышты - Кыдырбаев Улук Асанкарыевич,   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын башчысы;  Усенбекова Айнура Доктурбаевна,  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрдин  орун басары;  Моника Ризал,  БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары; Анарбекин Нурбек Искендерович,   Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору жана Мусуралиев Нурлан Джолдошбекович, Бизнес-омбудсмен. Отурумдун модератору Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ташбаев Илияз Азизбекович болду.

Илияз Азизбекович өз сөзүндө инвестициянын ролун белгилеп кетти -“Экономикада инвестициянын ролу өзгөчө мааниге ээ. Стабилдүү экономика, бизнестин туруктуу жана ачык иштеши – өлкөбүздүн жаркын келечегинин ачкычы. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Регионалдык Инвестициялык кеңеш ишин баштады деп айта алам.”

Улук Асанкарыевич регионалдык кеңештин маанилүүлүгүн баса белгиледи – “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деп, илгертеден элибиз маанилүү маселелерди ортого салып, бардык тараптар менен кеңешип, акылдашып, бир чечимге келишкен. Бул кыргыздын канына сиңген. Бүгүнкү күнү, жакшы бир жаратман идея болобу же кандайдыр бир көйгөй болобу, бардыгын ортого салып чечүүгө Регионалдык Инвестициялык кеңештин платформасын түзүүдөбүз.”

Моника Ризал айым БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мындан ары дагы регионалдык кеңештерди колдоорун белгиледи – “БУУӨПтүн атынан мен Ош облусундагы Регионалдык Кеңешти бекемдөөгө биздин колдообузду ырастоого кубанычтамын. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөнүн башка облустарында да ушундай кеңештерди түзүүнү колдой турганыбызды маалымдайм.”

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга бир топ маанилүү маалыматтар жана презентациялар тартууланды - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Инвестициялык кеңештин иши жана  Регионалдык инвестициялык кеңеш жөнүндө, Ош облусунун инвестициялык потенциалы тууралуу, МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун тартиби жана механизми жөнүндө жана МЖӨ борборунун реформалары жана  “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамды андан ары өркүндөтүү жөнүндө” Мыйзам долбоору. Ошондой эле катышуучулар Ош мамлекеттик университетинин мисалында инвестициялардын жаштар ишкерчилигиндеги ролу тууралу пайдалуу маалымат алышты. Мамлекеттик салык кызматы менен санарип өз ара аракеттенүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматка өтө чоң маани дагы бөлүндү.

Иш-чаранын жүрүшүндө МЖӨ борбору мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана жеке секторго, Ош облусундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык каттарды тапшырышты.

Отурумдун соңунда, катышуучулар мамлекеттик органдардын башчыларына тиешелүү суроолорду берип, жоопторду алышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен.