Орозо айтыңыздар маарек болсун!

Орозо айт – элибиздин эзелтеден бери келе жаткан кайрымдуулуктун жана кубанычтын майрамы. Бул күндөрү элибиз кембагалдарга кайрымдуулук жасап, бири-биринин үйүнө каттап, дасторкон даярдап, ата-бабаларга куран окутуп, ыйык орозо айынын аякташын белгилөө кунү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын атынан Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Бул майрам ар бир үйгө ырыс-береке алып келиип, ыйман менен үмүттү бекемдеп, бардыгыбызды бириктирип, жакшылыктар көбөйө берсин.

Өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыз үчүн бардыгыңарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана биргелешкен күч-аракет менен Кыргыз Республикасынын гүлдөп өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишебиз деп ишенебиз. Бул майрам биримдиктин жана өз ара түшүнүшүүнүн символу болушун тилейли.

https://www.facebook.com/InvestmentCouncil/videos/1080967876306332