KITE Mongolia компаниясынын негиздөөчүсү менен долугушуу

2024-жылдын 23-апрелинде Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев KITE Mongolia компаниясынын негиздөөчүсү Болормаа Лувсандорж айым менен жолугушуу өткөрдү. KITE Mongolia туруктуу стартаптарды өнүктүрүүгө жана аларды кызматташуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө адистешкен бизнес акселератору.

KITE Mongolia стартаптардын өсүшүнүнүн ар кандай баскычтарында, анын ичинде периште инвестициясы (ангельское инвестирование), алдын ала каржылоо, насаатчылык жана тармактык адистерге жетүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Лувсандорж айым компания стартаптар аркылуу коомдо позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоону каалаган ишкерлерди, өзгөчө жаштарды колдоого умтуларын баса белгиледи.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы KITE Mongolia компаниясынын Монголиянын стартап экосистемасында инновацияларды жана туруктуулукту илгерилетүү боюнча аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди жана мындай демилгелердин экономикалык өсүштү стимулдаштырууда, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана курч социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүүлүгүн белгиледи.

Эки тарап KITE Mongolia менен Инвестициялык кеңеш Кыргызстандагы IT-ишкерликтин потенциалын ачууга багытталган биргелешкен долбоорлорду изилдөөнү уланта беришерин ырасташты.