Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби
Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы: 2019-жылдын 8-октябры 15:00-16:30 |
Отурумдун өткөрүү орду: КР Өкмөт Үйүнүн Чарчы залы |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2019-жылдын 11-июнундагы отурумун аткаруу жөнүндө
Баяндамачы: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов
Комментарийлер: Кеңештин мүчөлөрү
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин органдарына ири ишканалардын отчеттулугун жөнөкөйлөтүү жөнүндө
Баяндамычы: «Сүт-Булак» ЖАК Башкармалыгынын төрагасы/төрайымы Е.С. Исаева.
Комментарийлер: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы А.Ш. Султанов.
- Транзиттик визаларды киргизүү жөнүндө
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кеңештин мүчөсү Д.Д. Бекешев.
Комментарийлер: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри А.К. Джаманкулов, Кыргыз Ресубликасынын Тышкы иштер министри Ч.А. Айдарбеков.
- Туристтик тармактын көйгөйлүү маселелери
Баяндамачы: Кыргызстан туристтик альянсынын президенти М. Тилекматов.
Комментарийлер: Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т. Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри А.К. Джаманкулов, Бишкек шаарынын мэри А.Э. Суракматов.