Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби
Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы: 2018-жылдын 4-апрели 18:00-19:30 |
Отурумдун өткөрүү орду: КР Өкмөт Үйүнүн Чарчы залы |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2017-жылдын 21-декабрындагы отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов
Комментарийлер: Кеңештин мүчөлөрү
- Кыргыз Республикасынын продукциясын Евразиялык Экономикалык Биримдиктин рыногуна киргизүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө
Баяндоочу: Жеткирип берүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти Г. Үскенбаева, Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай Палатанын Вице-президенти Н. Мусуралиев
Комментарийлер: КР Экономика министри А. Новиков, КР Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри М.Мурашев
- Базалык байланыш станцияларды орнотууга уруксат берүүчү жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө.
Баяндоочу: Байланыш операторлорунун ассоциациясынын директору А.Куренкеев
Комментарийлер: КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Б.А. Абдиев, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы М. Курманбеков
- Кыргыз Республикасындагы милдеттүү камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү маселелери жөнүндө
Баяндоочу: Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору А.Садыков. “Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын” юридикалык жактарынын бирикмесинин президенти С.Молдокулов.
Комментарийлер: КР Транспорт жана жолдор министри Ж.Калилов, КР Экономика министри А. Новиков, КР Өкмөтүнө караштуу КР финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары М.Абиров.