Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2013-жылдын 25-сентябры

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2013-жылдын 25-сентябры
15:00-16:30
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы


1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2013-жылдын 17-июнундагы он экинчи отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. Инвестицияларды жылдыруу боюнча агенттикти түзүү боюнча иш жүзүндөгү кадамдар
Баяндоочу: КР Экономика министри Т. Сариев.
Комментарийлер: КР Эл аралык финансылык корпорациянын жана Германия Эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү.

3. Кендерди жана асыл таштарды камтыган концентраттарды чыгарууга экспорттук алымдардын өлчөмдөрү жөнүндө
Баяндоочу: Эл аралык ишкерлер кеңешинин мүчөсү К. Ашыркулов.
Комментарийлер: КР Экономика министри Т. Сариев, КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Д. Зилалиев.

4. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрдү жана квартираларды ажыратып берүү боюнча комиссияны жоюу жөнүндө
Баяндоочу: Бишкектеги Ишкерлер клубунун аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу А. Чекирова.
Комментарий: КР Юстиция министри А. Шыкмаматов.

5. Ар кандай маселелер:

5.1. Мурунку колдонуудагы мыйзамдарда “ссуда жана насыя” деген терминдердин мааниси так эмес түшүндүрүлгөндүн натыйжасында финансылык-кредиттик мекемелер тарабынан автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн салык салууга алып келген маселени мындан ары жылдыруу боюнча Кеңештин Секретариатынын сунуштарына КР Өкмөтүнүн жообу жөнүндө
Баяндоочу: КР Банктар союзунун президенти А. Абдраев.

5.2. Мамлекеттик кызматтагы кадрдын потенциалын жогорулатуу жана жарандардын, жеке менчиктин жана инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жарандык коомдун жана бизнес-коомдоштуктун биргелешкен кайрылуусу жөнүндө
Баяндоочу: «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» АКтын президенти Д. Ошурахунова.