Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби
Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы: 2013-жылдын 18-декабры 15:00-16:30 |
Отурумдун өткөрүү орду: КР Өкмөт Үйүнүн Чарчы залы |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2013-жылдын 25-сентябрындагы он үчүнчү отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.
2. Фискалдык саясат боюнча туруктуу иштей турган аянтчаны түзүү жана колдоо зарылдыгы жөнүндө
Баяндоочу: Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким
Комментарийлер: КР Финансы министри О. Лаврова, КР Экономика министри Т. Сариев
3. Салык отчёттулугун жөнөкөйлөштүрүү
Баяндоочу: Жеткирип берүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Г. Үскөнбаева
Комментарий: Экономика министринин орун басары А. Касымалиев
4. Инвестицияларды өбөлгөлөө үчүн турукташтыруучу (стабилизационный) шарттамын (режимин) киргизүү жөнүндө
Баяндоочу: Эл аралык ишкерлер кеңешинин мүчөсү Г. Каликова
Комментарий: КР Экономика министри Т. Сариев.
5. Ар кандай маселелер. Ыкчам-издөө иштер жүргүзүлүп жатканда жашыруун маалыматты алууга багышталган атайын техникалык каражаттардын убактылуу тизмегинен жалпы керектөөчү товарлардын категориясына кирген ТНВЭД коддорун алып салуу жөнүндө
Баяндоочу: Кыргыз-Россия ассоциациясынын дирекциясынын жетекчиси О. Журавлев
6. Ар кандай маселелер. 2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин ишинин планын бекитүү жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов