Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Кыдырбаев Улук Асанкарыевич менен экономика жана коммерция министринин орун басары Усенбекова Айнура Доктурбаевнанын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууда тараптар Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен министрликтин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, каржыга жеткиликтүүлүк, ишкердик субъекттерин укугун коргоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери боюнча ыкчам өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Инвестициялык кеңештин кезектеги отурумуна тиешелүү маселелери каралып, Инвестициялык кеңештин 2024-жылга иш планы боюнча сунуштар талкууланды.
Тараптар ишкерликти өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди өз убагында жана сапаттуу талкуулоо, министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды маалыматтык-аналитикалык колдоо максатында тыгыз өз ара аракеттенүү зарылдыгына кызыкдар экендигин билдиришти.