30-ноябрда Бишкекте бизнес-коомчулукт жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ELICENSE.GOV.KG уруксат кагаздарын тууралу маалымат алуу порталы тартууланды.
Учурда пилоттук долбоор катары порталдан 4 мамлекеттик органдын уруксат кагаздары тууралу маалыматты алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жакынкы келечекте тизмелердин кеңейиши күтүлүүдө жана портал бардык мамлекеттик органдардын бардык уруксат кагаздарын алуу үчүн бирдиктүү реестрге айланат.
Онлайн-портал жеке секторго мамлекеттик органдарга барбастан лицензиялар жана уруксат боюнча актуалдуу маалыматтарды алууда убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Бет ачардын жүрүшүндө порталды иштеп чыгууга катышкан “Улут Софт” компаниясынын директору порталга катталуу жана арыз берүү боюнча көрсөтмө сессия өткөрдү. Өтүнмөнү тапшыруу толугу менен автоматташтырылган - авторизация ЕСИ аркылуу ишке ашат жана Түндүк порталы менен интеграцияланган.
Порталды ишке киргизүүдөн бери 40 миңден ашык адам киргени, бул жакшы тенденция экени жана бизнес тарабынан чоң кызыгуу бар экендиги белгиленди. Кыргызстандан тышкары порталга Орус Федерациясы, Казакстан, АКШ, Индонезия ж.б. өлкөлөрдөн киришкен жана бул инвестицияларды тартуу тармагында иштөө үчүн жакшы көрсөткүч болуп саналат.
*Бул портал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 144-р буйругуна ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишкердик жүргүзүүгө керектүү лицензияларды алуу үчүн иштелип чыккан.