Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кызматкерлери бизнесте адам укуктарын коргоо жаатындагы актуалдуу чакырыктарды жана көйгөйлөрдү талкуулоо тегерек столго катышышты.
Туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндө улуттук саясатты жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу максатында тегерек столдун катышуучулары Улуттук иш-аракеттер планынын 1-компоненти боюнча өз сунуштарын айтышып, мамлекетти өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди, адам укуктарын жана бизнесте адамдын укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттерди талкуулашты.
Тегерек столго ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын, бизнес-ассоциациялардын жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чара ЖИА Бизнес Ассоциациясы жана ПРООН тарабынан уюштурулган.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы мамлекет менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы диалогдун жана өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.