Ноябрь айынын башында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу перспективаларын талкуулап, жалпы максаттарга жетүү үчүн бизнес сектору менен тыгыз кызматташууну талкуулашты. Тараптар ошондой эле бир канча суроолорду, анын ичинде инвестициялардын Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ), социалдык жана жашыл экономикага, таштандыларды натыйжалуу башкарууга сфераларына багыттоо маселелерди карап чыгышты. Жолугушуу келечектеги демилгелер жана кызматташуу үчүн бекем негиз түздү.