1-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Касымалиев Адылбек Алешович Инвестициялык кеңештин мындан аркы ишин уюштуруу маселеси боюнча мамлекеттик органдардын жана Инвестициялык кеңештин катчылыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрдү.
Отурумдун күн тартибине Инвестициялык кеңештин катчылыгынын мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу маселелер каралды.
Касымалиев А.А. мамлекеттик саясаттын маанилүү жана приоритеттүү багыттарынын бири болуп бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин өнүктүрүү экендигин баса белгиледи.
Кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Асанкарыевич жыйындын катышуучуларына Кеңештин максаттары жана милдеттери, ошондой эле Инвестициялык кеңештин Катчысынын жана катчылыктын негизги функциялары менен жана Кеңештин 16 жыл ичинде жетишкен негизги жетишкендиктери менен бөлүштү. Ошондой эле, натыйжалуу иштөөсү боюнча жаңы пландары менен бөлүшүп, катышуучуларга Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жаңы командасы менен тааныштырды.
Ошондой эле Кыдырбаев У.А. Кеңештин алдында негизги багыттарда иш алып баруучу консультативдик топторду түзүү сунушун айтты.
«Консультативдик топтор долбоорлорду жана демилгелерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшөт. Бул топтордун иш-аракеттери туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууга өбөлгө болорун белгилей кетүү маанилүү”, - деп белгиледи У.А.Кыдырбаев.
Жыйындын соңунда КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин жана анын катчылыгынын ишин жакшыртуу маселелерин угуп, талкуулап, А.А.Касымалиев мамлекет органдарынын өкүлдөрүнө бир катар тиешелүү протоколдук тапшырмаларды берди.