Кыргыз-казак Ишкерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү

7-сентябрда Кыргыз-казак Ишкерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал, мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, ошондой эле Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды стимулдаштыруу жана өз ара коргоо боюнча макулдашууну даярдоо маселелери каралды. Бардык сунуштар протоколго киргизилип, эки өлкөнүн өкмөттөрүнө жөнөтүлөт.

Жолугушууга Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы, ККИКтин төрагасы Т.А.Сариева, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.С.Жошыбаева жана бизнес-кеңештин мүчөлөрү катышты.

Катчылык тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси У.А.Кыдырбаев, консультанттар Шаршеев А.О., Самаков Б.Т., Мусабеков А.О. катышышты.