Ишканада (уюмда) насаатчылык боюнча жобо кабыл алынды

Понедельник, 28 Август 2023 10:12

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин жыйынында Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын директору, кеңешти активдуу мүчөлөрүнүн бири Гүлнара Тураровна Ускенбаева насаатчылык боюнча жобону даярдоо жана кабыл алуу зарылдыгын демилгелеген.

Кеңештин отурумунун протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомдун долбоорун даярдаган.

Насаатчылыктын максаты окуп жаткандарга, ишке биринчи кабыл алынган жаш адистерге, ошондой эле иш тажрыйбасы жок кызматка дайындалган кызматкерлерге өз милдеттерин мыкты аткаруусу жана билимин, көндүмдөрүн өркүндөтүү үчүн усулдук жана практикалык жардам берүү, жаңы командага көнүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамынын 17-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 9-августундагы № 397 «Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомду кабыл алды.