КАЙРЫЛУУ (АКТ) Жаңы экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө

 

Cоvid-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясына байланышкан дүйнөлүк экономикалык кризистин фонунда Кыргызстандын экономикасы өтө начар абалда турат.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин акыркы божомолу 2020-жылы Кыргызстандын ИДП 6,8%дын деңгээлине кыскарышын болжолдойт. Экономикалык кризис азыртадан эле эмгек мигранттарынын акча которууларынын олуттуу төмөндөшүнө, улуттук валютанын 15%га девальвацияланышына алып келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалоосуна ылайык учурдагы жылдын аягына чейин республикалык бюджеттин азайышынын минималдуу көлөмү 400 миллион АКШ долларын түзүшү мүмкүн. Негизги соода өнөктөштөр менен соода-сатык шарттары кескин начарлап, ички суроо-талаптын кыскарышы жүрүп жатат.
Өлкөнүн экономикасынын 40%га жакынын түзгөн чакан жана орто ишкерликке максималдуу терс таасирин тийгизүүдө. Бизнес-коомдоштукту олуттуу колдоосуз, компаниялардын массалык жакырдануусу болушу мүмкүн, бул учурда жумушсуздук, жакырчылыктын көбөйүшү жана бюджеттин кирешелеринин төмөндөшү сыяктуу кесепеттерге алып келүү менен, экономикалык кризис узак мезгилге созулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ишкерлерди колдоо чаралары негизинен салыктарды жана кредиттердин негизги суммасын төлөө мөөнөтүн узартууга, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө боюнча туумдарды жокко чыгарууга жана текшерүүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.
Бул шарттарда мамлекет тарабынан ишкерлерди колдоонун жападан жалгыз ыкмасы бизнеске болгон административтик оордуктарды кординалдуу кыскартуу жана өлкөдө ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын реалдуу жакшыртуу болушу мүмкүн.
Бүгүн экономикалык кризистен чыгуу үчүн жарандардын ишенимин жана колдоосун алууга чакырылган жана кыска мөөнөттө социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берген жаңы экономикалык саясат турмуштук зарылчылык. Ушуну менен гана биз өнүккөн экономиканы кура алабыз жана өз алдынча жетишкен өлкө боло алабыз.

Жаңы экономикалык саясат төмөнкүлөргө багытталууга тийиш:
-ИДПдан мамлекеттик чыгашарарды 25%га чейин чектөөгө;
-ИДПдан мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын 3%га чейин төмөндөтүүгө;
-капиталдарды амнистиялоо жүргүзүүгө;
-лицензияларды (уруксат берүүчү документтерди кыскартуу) көбөйтүүгө толук тыюу салууга, бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө жана ар жылдык патент төлөө менен жеке ишкердикке толук эркиндик берүүгө;
- капиталдын кыймылынын толук эркиндигине;
-мамлекеттик менчикти жана башка активдерди толук инвентаризациялоого;
-рентабелдүү эмес мамлекеттик менчикти аукцион аркылуу сатууга, менчиктештирүүгө;
-жеке менчикти чыңдоого;
-салыктардын санын кыскартууга;
-салыктык текшерүүлөрдү кошо алганда, текшерүүлөрдүн санын кыскартууга;
-бизнес чөйрөнү начарлаткан мыйзам долбоорун демилгелөөгө тыюу салууга;
-мамлекеттик башкаруунун иш-милдеттерин инвентаризациялоо жана керексиз түзүмдөрдү жоюуга;
-жакынкы 3 жылда мамлекеттик аппаратты 10-20% жана
кийинчерээк - 30% кардиналдуу кыскартууга;
-социалдык колдоого жана акыйкат мамлекеттик даректүү жардамга (курагы боюнча, ден соолугунун абалы боюнча жана д.у.с.);
-социалдык чегерүүлөрдүн өлчөмүн кыскартууга, социалдык салыкты киргизүүгө жана топтолмо пенсиялык тутумга өтүүгө;
-бизнести текшерүүнү толугу менен санариптик форматка өткөрүүгө;
-ишкердик ишти жөнгө салууну кыскартууга, бизнести өзүн өзү жөнгө салуу принцибине өткөрүүгө жана адам факторлорун алып салууга;
-экономикалык кылмыштарды декриминализациялоого;
-инвесторлор үчүн менчик укугун коргоого жана кепилдиктерди камсыз кылууга;
-накталай эмес төлөмдөрдү, көмүскө экономиканы төмөндөтүү натыйжасы катары товарларды көзөмөлдөө принцибин киргизүүгө;
-экономикалык негизделген тарифтерге өтүүгө;
-ири улуттук инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке киргизүүгө;
-жаңы Инвестициялык кодексти кабыл алууга.