Улуттук инвестициялык диалог: ачык жана алдын ала айкын бизнес-чөйрөгө карай биргелешкен кадамдар

Кыргыз Республикасында бизнес үчүн «оюн эрежелеринин алдын ала айкын болушу» көптөн бери өзүнчө тармактын ички маселеси эмес. Инвестор мамлекеттин чечимдеринин логикасын канчалык түшүнсө, укуктары канчалык деңгээлде корголсо жана институттарга болгон ишенич барбы-жокпу – ушунун баары экономикалык өсүштүн туруктуулугуна да, ишкерлердин узак мөөнөттүү долбоорлорго каражат салуусуна да түздөн-түз таасир этет.

Дал ушул суроолор – ишеним, укуктук коргоо жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмдери – жакында Бишкек шаарында өткөн Улуттук инвестициялык диалогдун өзөгүн түздү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттиги уюштуруп, ага Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Министрлер Кабинетине караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин мүчөсү болгон бизнес-ассоциациялардын жана Кеңештин Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Диалог өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүрүп жаткан реформалардын логикалуу уландысы болду: «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Мыйзамдын күчүнө кириши жана ошол эле учурда Башкы прокуратура тарабынан көзөмөл жана санариптик инструменттерди жаңыртуу жүрүп жатат.

Жаңы мыйзам жана практикалык инструменттер

Акыркы айларда мамлекет инвестициялык чөйрөгө жаңы алкак берген бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды. «Инвестициялар жөнүндө» Мыйзам инвесторлорду экспроприациядан коргоого багытталган базалык кепилдиктерди бекемдеп, улуттук жана чет элдик инвесторлорго тең мамиле принцибин бекитет жана мамлекет менен жеке сектор ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги инструменттерин аныктайт.

Ушул укуктук базага таянып, Улуттук инвестициялар агенттиги инвесторлорду коштоп жүрүү үчүн практикалык инфраструктураны түзүүдө. Анын ичинде:

  • өлкөнүн интерактивдүү инвестициялык картасы;
  • инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү реестри;
  • инвесторлор үчүн чат-бот жана онлайн-консультациялар;
  • долбоорлорду коштоп жүрүү үчүн «бирдиктүү терезе» функциялары.

Бул инструменттердин максаты – инвестор үчүн кырдаалды ачыгыраак кылуу, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик органдар менен болгон байланышта ашыкча бюрократияны азайтуу.

Башкы прокуратура өз жагынан бизнесди негизсиз текшерүүлөрдөн жана мыйзамсыз кысымдан коргоо багытын күчөтүүдө. Текшерүүлөрдү каттоонун бирдиктүү системасы, proverka.gov.kg платформасы жана «Бизнесди коргоо» мобилдик тиркемеси аркылуу ишкерлер текшерүү органдарынын аракеттерин онлайн-режимде каттап, дароо кайрылуу жөнөтө алышат.

Бул жаңычылдыктардын бизнес күткөн нерсеге канчалык жооп берип жатканы – биринчи кезекте ишкердик коомчулугунун пикирлерине жана кайтарым байланышына карата бааланууда.

 «Мамлекеттик башкаруунун негизги функцияларынын бири – байланыш»

Диалогдон кийин бизнес-ассоциациялар бир маанилүү ойлорду өзгөчө баса белгилешти: алар үчүн реформалардын мазмуну кандай болсо, мамлекеттик органдын бул реформалар боюнча ачык сүйлөшүүгө жана кесепеттерин чогуу талдоого даярдыгы да ошондой маанилүү.

Кыргызстандын Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Понамарёв бул тууралуу төмөнкүчө айтты:

Бизнес в 2025 году открыть несложно». Глава Ассоциации рынков Пономарев дал  советы предпринимателям — Tazabek

«Мамлекеттик башкаруунун негизги функцияларынын бири — бул коммуникация. Бизнес менен мамлекеттик органдар бири-бирин уга алганы абдан маанилүү, бизнес өзүнүн көйгөйлөрүн гана эмес, алардын чечимдерин да сунуштай алган учур баалуу. Бул мамлекеттик органдарга ишкерлик коомчулук туш болуп жаткан кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга ыкчам чара көрүүгө, аларды жоюуга мүмкүндүк берет.
Биз мамлекеттик органдардын – бул учурда Улуттук инвестициялар агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын – бизнес менен жолугушууга жана маселелерди чогуу чечүүгө чыныгы кызыкчылыгы жана даярдыгы бар экенин көрүп турабыз.
Инвестициялык климатты жакшыртууга, өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана бизнесди коргоого багытталган так максаттарды камтыган Меморандумдун кол коюлушу, ошондой эле Улуттук агенттик менен Башкы прокуратуранын мазмундуу презентациялары диалогдун маанилүү элементи болуп калды».

Мында сөз мамлекет өзү жөнүндө «көзөмөл жана жаза берүүчү орган» катары гана эмес, бизнес менен бир үстөлдүн тегерегинде отуруп, маселелерди ачык талкуулай алган өнөктөш катары кабыл алынууга тийиштиги жөнүндө болуп жатат.

Менчик укугу жана мыйзам үстөмдүгү – ишенимдин пайдубалы

Бизнес үчүн классикалык, бирок бүгүн деле өтө сезимтал темалар – жеке менчикти коргоо жана мыйзамдардын туруктуу колдонулушу – актуалдуу бойдон калууда.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бул маселени төмөнкүдөй формулировкалады:

Аскар Сыдыков: Большинство пунктов президентских указов о поддержке бизнеса  не исполнены - KP.KG

«Жеке менчикти коргоо жана мыйзам үстөмдүгү Кыргызстанда иш жүргүзүүнүн негизги маселелеринин бири бойдон калууда. Ошондуктан биз меморандумга кол коюу демилгесин кубаттайбыз жана бул аянтчада бизнес менен инвестицияларды коргоо боюнча өз сунуштарыбызды берип турабыз».

Инвестор үчүн кандай мыйзамдар кабыл алынганы гана эмес, ошол мыйзамдар практикада кантип иштеп жатканы да чечүүчү мааниге ээ:
– текшерүү тууралуу чечимдер кантип кабыл алынат,
– кызмат адамдарынын аракеттерин канчалык тез жана натыйжалуу талашууга болот,
– экономикалык талаштар негизсиз түрдө кылмыш ишине айланып кетпейби.

Көзөмөл жараяндарын санариптештирүү жана текшерүүлөрдү, кылмыш иштерин козгоону жөнгө салган процессуалдык талаптарды тактоо – ушул багытта жасалып жаткан олуттуу кадамдар.

«Меморандум кагазда эмес, иш жүзүндө иштеши керек»

Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасы (AmCham) документтердин саны эмес, алардын реалдуу таасири маанилүү экенин эске салат. Палатанын аткаруучу директору Алтынай Асанова бул тууралуу мындай деди:

Алтынай Асанова назначена исполнительным директором AmCham в КР

«Улуттук инвестициялар агенттиги жана Башкы прокуратура менен өткөрүлгөн Улуттук диалог декларациялар менен эле чектелбей, бизнесди реалдуу коргоого алып келиши керек болгон кадам. Бизнес — экономиканын локомотиви, жана биз надзордук органдардан өз аракеттеринде толук ачыктыкты, объектүүлүктү жана алдын ала айкындыкты күтөбүз. Меморандум кагаз жүзүндө гана болбостон, иш жүзүндө иштеши керек: ишкерлердин ар бир кайрылуусу тез, адилеттүү жана басымсыз кароого тийиш.
Мындай колдоо бизнеске өзүн ишенимдүү сезип, өлкөнүн өнүгүүсүнө инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берет».

Бул позиция Улуттук инвестициялык диалогдун негизги суроосун так коёт: кол коюлган документтер күнүмдүк практикада кандайча чагылдырылат?

Санариптик туруктуулук – ишенимдин жаңы өлчөмү

Бүгүн инвестициялык климатты баалоодо классикалык укуктук кепилдиктер гана эмес, санариптик коопсуздук жана туруктуулук да чоң роль ойнойт. Маалыматтардын корголушу, киберинциденттерге жооп кайтаруу ылдамдыгы жана санариптик экономиканы жөнгө салуучу эрежелердин айкын болушу инвестор үчүн барган сайын маанилүү факторлорго айланып жатат.

Цифралык туруктуулук ассоциациясынын (DRA) аткаруучу директору Айсулуу Сыдыгалиева Улуттук диалогдун ушул багыттагы маанисин төмөнкүдөй белгиледи:

«Улуттук инвестициялар агенттиги жана Башкы прокуратура уюштурган Улуттук диалог өлкөнүн киберкоопсуздугуна жана санариптик туруктуулугуна таасир эткен системалуу маселелерди талкуулоонун маанилүү аянтчасы болду. Жеке сектор мындай форматтар жөнгө салуунун алдын ала айкындыгын күчөтүп, технологияларды коопсуз киргизүү үчүн шарттарды түзөт деп күтөт. Кол коюлган Меморандум – туруктуураак санариптик экосистеманы калыптандыруу жолундагы маанилүү кадам. Биз мамлекет менен бизнес биргелешкен аракеттер аркылуу тобокелчиликтерди азайтып, ишенимди бекемдеп, Кыргызстанды санариптик жактан коопсуз өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенебиз».

Бул багыт дүйнөлүк тенденциялар менен да, ЕРӨБ сыяктуу эл аралык өнүктүрүү институттарынын Кыргызстан боюнча стратегияларында белгиленген артыкчылыктар менен да шайкеш келет: санариптештирүү, туруктуулук, ачыктыктын жана тобокелчиликтерди башкаруунун жогорулашы. Улуттук инвестициялык диалогду бул өңүттөн алганда, бизнес үчүн санариптик коопсуздук маселелерин – коммерциялык маалыматтарды коргоодон тартып алдамчылык жана киберчабуулдардын алдын алууга чейин – системдүү талкуулоонун алгачкы этабы катары кароого болот.

Үч тараптуу Меморандум эмнени өзгөртөт?

Диалогдун негизги институционалдык жыйынтыгы – Улуттук инвестициялар агенттиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана бизнес-ассоциациялар ортосунда үч тараптуу Меморандумга кол коюлушу болду. Документ тараптардын төмөнкү багыттардагы ниетин бекитет:

  • инвесторлор үчүн укуктук кепилдиктерди күчөтүү;
  • текшерүүлөрдү жана көзөмөл процессин жүргүзүү тартибин жакшыртуу;
  • мамлекеттик органдар менен бизнес ортосунда туруктуу диалог форматтарын түзүү;
  • системалуу тоскоолдуктарды биргелешип талдоо жана мыйзамдарга, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү сунуштоо.

Ушунун баары Меморандумду өзүнчө жаңы структура катары эмес, буга чейин калыптанып келе жаткан диалогду принциптер жана жоопкерчиликтер деңгээлинде бекемдеген документ катары кароого мүмкүндүк берет.

Диалогдун уландысы жана Кеңештин ролу

Улуттук инвестициялык диалог мамлекет менен бизнес ортосундагы системалуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган кеңири иштин бир бөлүгү болуп калды. Бул процесстин өзөгүндө – эрежелердин алдын ала айкындыгы, менчик укуктарынын корголушу, надзордук процедуралардын ачыктыгы жана инвесторлор менен бизнес үчүн түшүнүктүү кайтарым байланыш механизмдери жатат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш ушул системанын туруктуу элементтеринин бири болуп саналат. Кеңештин аянтчасында бизнес-ассоциациялардын сунуштары чогултулуп, талкууланып, андан ары тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна чыгарылат. Кеңештин Катчылыгы бул демилгелерди структуралаштырууга, аларды жөнгө салуу жана укуктук практика жаатындагы жүрүп жаткан реформалар менен байланыштырып турууга көмөктөшөт.