11-ноябрь күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Иран Ислам Республикасынын Хорасан-Резави провинциясынын губернатору Гуламреза Мозаффари жетектеген расмий делегацияны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки аймактын ортосундагы көп жылдык достук жана өнөктөштүк мамилелердин абалын жана аларды мындан ары өнүктүрүү багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык жана билим берүү тармактарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Эльчибек Джантаев жана Гуламреза Мозаффари Ош облусу менен Хорасан-Резави провинциясынын ортосундагы 2025–2026-жылдарга арналган кызматташтык боюнча “Жол картасына” кол коюшту. Документ эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын жана аймактар аралык байланышты тереңдетүүгө багытталган конкреттүү долбоорлорду аныктайт.
Визиттин алкагында эки өлкөнүн ишкерлерин, мамлекеттик органдардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн бириктирген бизнес-форум өттү. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечегин, туризм жана билим берүү тармагындагы өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иш-чарага түштүк аймактар боюнча Регионалдык инвестициялык кеңештердин координатору Мыктыбек Осмоналиев катышып, Кеңештин жана РИКтердин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (ГЧП) платформаларынын ролун белгилеп өттү.
Форумдун соңунда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда В2В форматындагы жолугушуулар өткөрүлүп, келечектүү биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Кыргызча
English
Русский