30-октябрда 2025-жылы Бишкек шаарындагы Novotel Bishkek мейманканасында Президенттин алдында түзүлгөн Улуттук инвестициялар агенттиги тарабынан Инвестициялык улуттук диалог болуп өттү.
Иш-чара инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун укуктарын коргоо жана ишенимдүү бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча ачык диалог өткөрүүгө арналды.
Диалогго мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү болгон бизнес-ассоциациялар катышышты. Иш-чара Кеңештин Катчылыгынын активдүү катышуусу менен өттү. Катчылык мамлекеттик органдар менен жеке сектор ортосундагы диалогду системдүү негизде камсыз кылып, бизнес коомчулугунун сунуштарын реформалардын улуттук күн тартибине интеграциялап келет.
Катышуучулар көзөмөл органдары менен бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү, укуктук практиканы өркүндөтүү жана ишкерлердин ишенимин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Иш-чаранын жыйынтыгында Улуттук инвестициялар агенттиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана бизнес-ассоциациялар ортосунда үч тараптуу кызматташтык жөнүндө Меморандум кол коюлду. Документ мамлекеттик органдар менен жеке сектордун конструктивдүү өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө, инвесторлордун укуктук кепилдигин чыңдоого жана өлкөнүн инвестициялык чөйрөсүн жакшыртууга багытталган.
Бул демилге Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана жаңы инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.
“Ала-Тоо 24” телеканалынын репортажын төмөндөгү видеодон көрүңүздөр.
Кыргызча
English
Русский