Бизнес-практика: “Булак” долбоорунун ийгилик тарыхы

«Дем-Ал» ОсООнун директору Элдар Торобаев түштүк аймактагы ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорунун бири — Ош шаарындагы “Булак” спорттук-ден соолук комплексинин ишке ашырылышы тууралуу айтып берди.
Ал бул объект мамлекет менен өнөктөштүктүн алкагында, KyrSEFF программасынын колдоосу менен курулуп, региондо энергоэффективдүүлүк принциптерине негизделген алгачкы спорттук инфраструктура объекти болгонун белгиледи.
Торобаевдин айтымында, долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна мамлекеттик кепилдиктердин айкындыгы, тендердик процесстердин ачыктыгы жана инвестор менен мамлекеттик органдардын ишенимдүү өз ара аракеттенүүсү өбөлгө түзгөн.
Ал кошумчалагандай, “Булак” долбоору көрсөткөндөй, МЖӨ форматындагы долбоорлор борбордо гана эмес, аймактарда да ийгиликтүү ишке ашып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө болууда.