Бүгүн, 23-октябрда, Бишкекте, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде «Мамлекет жана бизнес: күчтүү өнөктөштүк үчүн синергия» урааны алдында IV Эл аралык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) форумы өз ишин баштады.
Форумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү институттарынын, бизнес жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өз сөзүндө:
«Бүгүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк — бул жөн гана айрым демилгелерди ишке ашыруунун куралы эмес, бул биздин экономиканын ажырагыс бөлүгү», — деп белгиледи. Ал ири долбоорлор үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн айтып, аймактык деңгээлдеги демилгелер үчүн жеткиликтүү жана бирдиктүү каржылоо чечимдерин камсыз кылуу маанилүү экенин кошумчалады. Ошондой эле, ар бир мамлекеттик органга МЖӨ борборунун сертификациясынан өтүүнү жана Регионалдык инвестициялык кеңештерди институционалдык жактан күчөтүү боюнча сунуштарды берүүнү сунуштады.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров белгилегендей:
«Бүгүн Кыргызстандагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк — бул теория эмес, ал реалдуу натыйжа берип жаткан инструмент. Ал өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө инвестициялар менен инновацияларды тартуунун негизги механизмдеринин бири болуп саналат. Долбоорлор инфраструктура, энергетика, медицина, билим берүү жана туризм сыяктуу ар түрдүү тармактарда ишке ашырылууда».
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин өз сөзүндө:
«Бүгүнкү форумдун урааны — “Жетиштүү өнөктөштүк үчүн синергия” — биздин ишибиздин негизги маңызын чагылдырат. Күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу биз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалын түзөбүз. Бүгүн, МЖӨ инфраструктураны модернизациялоонун жана инвестиция тартуунун негизги инструменти болуп жатканда, мыкты тажрыйбалар менен алмашуу гана эмес, мамлекетти, бизнести жана эл аралык өнөктөштөрдү бириктирген кесиптик коомчулукту түзүү абдан маанилүү», — деп белгиледи.
Конференциянын биринчи бөлүгүндө «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк: өткөн, азыркы жана келечек» темасында жогорку деңгээлдеги талкуу өтүп, ага БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) жана Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Талкуунун негизги багыты «жашыл» инфраструктураны өнүктүрүү, долбоорлорду ишке ашыруудагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана МЖӨ жаатындагы эл аралык кесиптик коомчулукту түзүү маселелерине багытталды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңеши мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин аймактык деңгээлде өнүктүрүүгө туруктуу колдоо көрсөтүп келет.
ПРООНдун Программасы жана Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы МЖӨ борбору менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдин алкагында өлкөнүн алты облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) тармагы түзүлүп, алардын катчылыктары иштеп жатат.
Бул иш-аракеттер бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалогду институционалдаштырууга, МЖӨ долбоорлорун колдоого жана региондордун туруктуу өнүгүүсүнө, ошондой эле инвестициялык климаттын жакшыртылышына багытталган социалдык маанидеги демилгелерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт.
Кыргызча
English
Русский