Борбордук Азиядагы ЧОБтун келечеги: ЕРӨБ тарабынан уюштурулган өсүш, туруктуулук жана өнөктөштүк боюнча конференция өттү

16-октябрда Бишкек шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “ЧОБтун келечеги: көлөм жана сапат” аттуу жыл сайын өткөрүлүүчү аймактык конференциясы болуп өттү. Бул иш-чара Борбордук Азия жана Монголиядагы чакан жана орто бизнес тармагынын өнүгүү келечегин талкуулоого арналган маанилүү аянтча болуп, өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду.

Конференциянын расмий бөлүгүн донордук уюмдардын өкүлдөрү жана ЕРӨБтүн Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча директору Айтен Рустамова ачты.

Иш-чара мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, каржы институттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Катышуучулар ЕРӨБтүн колдоосу ишканаларга өсүү жолундагы тоскоолдуктарды жеңүүгө, санариптештирүү жана ESG (айлана-чөйрө, социалдык жоопкерчилик жана корпоративдик башкаруу) сыяктуу туруктуу чечимдерди колдонууга кантип жардам берип жатканын, ошондой эле 2030-жылга чейинки аймактык экономиканын негизги тенденцияларын талкуулашты.

Аймак экономикасы: тенденциялар, тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр

Конференциянын программасы стратегиялык баяндамаларды, практикалык сессияларды жана “Борбордук Азия экономикасы: 2025–2030-жылдардагы тенденциялар, тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу форсайт-дискуссияны камтыды. Сессиянын модератору форсайт-методолог Олег Мецик болду.

Спикерлер Борбордук Азия азыр экономикалык трансформациянын активдүү этабында турганын белгилешти. Мамлекет менен бизнес ортосундагы жаңы кызматташуу моделдери, “жашыл экономикага” өтүү жана технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин ролу барган сайын өсүп жатканын баса белгилешти.

Кыргызстан: МЖӨнүн жаңы моделдери жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

Форсайт-сессияда Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү  жана инвестициялар боюнча кеңешинин катчылыгынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча эксперти Чолпон Асакеева таанытты. Ал өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасындагы МЖӨнүн өнүгүүсү жана Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) бизнес менен бийлик ортосундагы туруктуу диалог аянтчалары катары ролу тууралуу ой бөлүштү.

Чолпон Асакеева белгилегендей, МЖӨ азыр жөн гана инвестиция тартуу механизми болбостон, аймактык өнүгүүнүн жана чакан бизнести ири инфраструктуралык долбоорлорго тартуунун натыйжалуу куралы болуп калды.

МЖӨ борборунун маалыматына ылайык, учурда долбоорлордун портфели 90дон ашык демилгелерди камтыйт, жалпы инвестициялардын көлөмү 434 млрд сомдон ашат, ал эми 2025-жылы гана 10 келишимге жалпы суммасы 3,18 млрд АКШ долларынан ашык өлчөмдө кол коюлган.

ЕРӨБтүн практикалык чечимдери жана инструменттери

Эксперттик сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар логистика, санариптик чечимдер жана ESG стандарттарын ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбаларды талкуулашты. Айрыкча ЕРӨБ сунуштаган Outcome-Linked Loans жана Risk Sharing Facility сыяктуу инструменттерге көңүл бурулду. Бул куралдар ишканаларга өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү менен бирге экологиялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Регионалдык диалог жана келечектеги кадамдар

Конференциянын соңунда өткөн нетворкинг-сессияда бизнес жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү жаңы демилгелерди жана регионалдык диалогду бекемдөөнүн кийинки кадамдарын талкуулашты.

Бишкекте өткөн ЕБРР конференциясы Борбордук Азияда бизнес көлөмүн кеңейтүү, туруктуу өнүгүү практикасын илгерилетүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү чыңдоо боюнча маанилүү жыйынтык аянтча болду.