Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин катчылыгы туризмди өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек столго катышты

29-сентябрда Катчылыктын эксперттери Кыргыз Республикасындагы туризм тармагынын учурдагы көйгөйлөрү жана келечеги боюнча талкууга арналган тегерек столго катышты.

Иш-чаранын максаты - туризмди өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнүн артыкчылыктуу багыты катары өнүктүрүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Күн тартибинде каралган маселелер:
• Кыргыз Республикасынын «Туризм жөнүндө» Мыйзамын жаңыртуу зарылчылыгы;
• Туристтик жыйымдарды киргизүү механизмдери;
• Туризм тармагында камсыздандыруу маселелери;
• Өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү боюнча натыйжалуу маркетинг стратегиясын иштеп чыгуу;
• Кыргыз Республикасынын эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышуусу;
• 2026-жылы боло турган Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү.

Эксперттер мамлекет менен ишкерлер ортосундагы конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн, ошондой эле туризм саясатын иштеп чыгууда климаттык чакырыктарды жана инклюзивдүүлүк принциптерин эске алуу зарылдыгын белгилешти.

Айрыкча белгиленип өткөндөй, чечимдерди иштеп чыгууда ишкер чөйрөнүн активдүү катышуусу өтө маанилүү, себеби тармакты өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы - жеке сектор болуп саналат.

Өз кезегинде, кеңештин катчылыгы төмөнкү иш-чараларды өткөрүп колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады:
• Мамлекеттик органдар, ишкерлер аралык кызматташуунун алкагында кеңешме жолугушууларды өткөрүү үчүн аянтча уюштуруу;
• Нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү процесстерин коштоо;
• Туризм секторун туруктуу өнүктүрүүгө багытталган так чараларды иштеп чыгууга көмөктөшүү.