Баткен облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин иши жандалды

Баткен, 2025-жылдын 10-июль күнү. Баткен облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) ишке киришине арналган тааныштыруу жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев Баткен облусундагы РИКтин катчылыгынын командасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевге тааныштырды. Баткен РИКтин катчылыгынын жетекчиси болуп Айылчы Кудайбергенов дайындалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунда Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңеши иш алып барып келген. Бирок катчылыктын түзүлүшү менен Кеңеш жаңы форматта жана жаңы аталыш менен – Регионалдык инвестициялык кеңеш катары иш алып бара баштады. Ошону менен бирге, мурдагы артыкчылыктуу багыттар жана максаттар сакталууда, бирок ишмердик азыр бирдиктүү РИК тармагынын алкагында системалуу негизде жүргүзүлөт.

Катышуучулар кыргыз-тажик чек арасын толук кандуу ачуунун өзгөчө маанисин белгилешти. Дээрлик төрт жылдык тыныгуудан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 2025-жылдын 13-мартында кайра ачылды. Баткен облусунда «Кайрагач» жана «Кызыл-Бель» өткөрүү пункттарынын иши эки өлкөнүн президенттеринин онлайн катышуусунда салтанаттуу түрдө жандандырылды. Чек араны делимитациялоо маселесинин чечилиши жана өткөрүү пункттарынын ачылышы эки тараптуу сооданын жанданышына алып келип, Баткенде өндүрүлгөн продукцияны Тажикстан базарына чыгаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Баткен облусу өзгөчө экономикалык макамга ээ стратегиялык чек ара аймагы болуп саналат. Бул жерде салыктык жана инвестициялык жеңилдиктер, мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөштүрүү чаралары киргизилген. Чек арага жакын ондогон айылдарда киреше салыгы төмөндөтүлгөн, киреше жана сатуу салыгынан бошотуу, жер жана мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер каралган. Ошондой эле мамлекет тарабынан түз колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын бюджеттен каражат бөлүнүп турат. Өзгөчө макам берилген айылдардын саны 62ден 92ге чейин кеңейип, алардын тургундарына кошумча төлөмдөр жана жеңилдиктер каралган. Бул чаралар Баткендин жашоо жана инвестиция салуу үчүн жагымдуулугун жогорулатат.

Аймактын туристтик потенциалына өзгөчө көңүл бурулду. Баткен облусу Кан-и-Гут үңкүрү, Пирамидалдуу чокусу, атактуу Айгүл гүлү сыяктуу уникалдуу жаратылыш жана маданий объектилери менен туристтерди өзүнө тартууда. Экотуризмди жана активдүү эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле кол өнөрчүлүктү (мисалы, килем токуу) жайылтуу туристтердин агымын көбөйтүп, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Туристтик жагымдуулуктун жогорулашы аймакка инвестициялардын келүүсүнө да өбөлгө болот.

Кыргыз-тажик мамилелеринин жакшырышына байланыштуу эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусу кайра жанданып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү туруктуу өсүүдө. Бул ийгиликтер чек ара маселелеринин жөнгө салынышы жана саясий диалогдун активдешиши менен мүмкүн болду. Баткен ишкерлери үчүн кошуна рынокторго чыгуу, өнөктөштөрдү табуу жана продукцияны сатуу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

Полпреддин биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткендин имиджин оң нукка өзгөртүү азыр өтө маанилүү экенин белгиледи. Колдонулган чаралардын натыйжасында аймакта туруктуу жана коопсуз абал түзүлдү, бул тууралуу маалыматты кеңири коомчулукка жеткирүү зарыл. Облус жетекчилиги Баткенди динамикалуу өнүгүп жаткан, туризм жана инвестиция үчүн ачык регион катары көрсөтүүнү максат кылууда.

Иш сапардын алкагында Инвестициялык кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү Баткендин ишкерлер чөйрөсү, анын ичинде ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү жана жеке ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүштү. Мындай түз диалог ишкерлердин көйгөйлөрүн жеринде талкуулоого жана инвестициялык шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарды чогултууга мүмкүнчүлүк берди.

Баткен облусунда РИКтин ишке киришүүсү өлкө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөө иштеринин бир бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Улуттук инвестициялар агенттигине караштуу МЖӨ борбору менен биргеликте түзүлгөн үч тараптуу кызматташуу келишиминин алкагында ишке ашырылууда.