«Бизнес агартуу кербенинин» жыйынтыктары Мамлекеттик салык кызматына сунушталды

2025-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук кеңсесинде жалпы республикалык маалымат берүү жана консультациялык кампания — «Бизнес агартуу кербени» боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын демилгечилери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жетекчиси Улук Кыдырбаев жана Бизнес-ассоциация JIA атынан башкы юрист Бакытбек Сартмаметов чыгышты. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков жана тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жолугушуунун негизги максаты — 2025-жылдын 25-мартынан 22-апрелине чейин өлкөнүн сегиз шаарында өткөрүлүп жаткан «Бизнес агартуу кербени» кампаниясынын жыйынтыктарын талкуулоо болду. Бул демилге өлкөнүн бардык региондорун камтып, 2000ден ашуун катышуучуну — ишкерлерди, мамлекеттик органдардын, бизнес бирикмелердин жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрүн чогултту.

Кербендин жүрүшүндө ишкерлерден келип түшкөн суроолор, сунуштар жана көйгөйлөр системалуу түрдө катталып турду. Анын жыйынтыгында салыктык башкарууну жана укуктук колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүүгө багытталган негизги сунуштарды камтыган жалпыланган маалыматтык документ даярдалып, аталган жолугушууда Мамлекеттик салык кызматына сунушталды.

Кампаниянын алкагында ишкерлерди кызыктырган ар кандай маселелер, анын ичинде салык жана эмгек мыйзамдары, электрондук документ жүгүртүү жана санариптик чечимдерди колдонуу өңдүү техникалык аспектилер талкууланды. Бардык аймактарда салык кызматынын өкүлдөрү активдүү катышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишкерлердин суроолоруна жооп беришти.

Ачык диалог сессияларынын жыйынтыгында бардык сунуштар жана маселелер тематикалык топтор боюнча иргелип, Мамлекеттик салык кызматына мындан аркы талдоо жана эске алуу үчүн берилди.

Ишкерлер тарабынан көтөрүлгөн сунуштардын ичинде системалык мүнөздөгү сунуштар да, конкреттүү мисалдар да болду. Маселен, видеотасма кызматтары сыяктуу айрым кызматтар үчүн патенттин аймактык чектөөсүн алып салып, аны өлкө боюнча колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталды. Ошондой эле, соода аянттарынын өлчөмүнө жана сатылган товарлардын мүнөзүнө жараша патенттин баасын эсептөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгуу сунуштары берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматы сунушталган ойлордун 80%дан ашыгы ведомствонун ишинде эске алынарын ырастап, ишкерлер үчүн салыктык башкарууну жакшыртуу жана ыңгайлуу чөйрө түзүү багытында мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

 

Уюштуруучулар JIA бизнес-ассоциациясы жана КР  Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы.  

Иш-чара КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ), БУУӨП, ЕРӨБ колдоосу менен өткөрүлүүдө.