Каракол «Бизнес агартуу кербени»: ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана туризмди өнүктүрүүгө басым

2025-жылдын 3-апрелинде «Бизнес агартуу кербени» демилгесинин кезектеги жолугушуусу Каракол шаарында өткөрүлдү. Иш-чарага 150дөн ашуун адам — ишкерлер, мамлекеттик органдардын, банктардын, тийиштүү мекемелердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын максаты — мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берүү менен катар, бизнес менен мамлекеттин ортосунда түз диалог түзүү болуп саналат.

Гранттар, насыялар жана «жашыл» мүмкүнчүлүктөр

Катышуучуларга «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» тарабынан ишке ашырылып жаткан жаңы каржылоо программалары сунушталды. Насыялар жылдык 0%дан 10%га чейинки пайыздык чен менен, айыл чарба тармагын, айыл чарба техникасынын лизингин, аялдар ишкердигин жана экологиялык чечимдерди колдоого багытталган:

  • «Айыл чарба – 13» (50 млн сомго чейин, 10%, 7 жылга чейин);
  • «Ишкер-Айым» (16%га чейин, 3 млн сомго чейин);
  • Жашыл технологияларды каржылоо программалары – кайра жаралуучу энергия, энергияны үнөмдөө жана туруктуу айыл чарба тармактары үчүн.

Ошондой эле Региондорду өнүктүрүү фондунун (РӨФ) каражаттарынын эсебинен бюджеттик насыяларды алуу шарттары түшүндүрүлдү. Бул насыялар айыл чарба тармагын жана туруктуу регионалдык бизнес-демилгелерди каржылоого багытталган.

Туризм — аймакты өнүктүрүүчү локомотив

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин презентациясы катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Анда 2030-жылга чейинки Туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы, ошондой эле туристтик объекттерди мамлекеттик классификациялоо системасы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле өлкө боюнча 40 пилоттук туристтик объект тандалып алынганы жана алардын арасында Каракол шаары өзгөчө роль ойной турганы белгиленди — «Кыргыз Куршавелин» өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири катары.

Салык маселелери — ачык талкууда

Көпчүлүк суроолор салык салуу, «нөлдүк» отчёттор, кампадагы товарлардын легалдаштырылышы жана өстүрүлгөн же кайра иштетилген продукцияга салыктын колдонулушу боюнча берилди. Кээ бир учурларда дыйкандар страховканын жоктугунан улам банк алдында карыз жоопкерчилиги менен жалгыз калган кейстер да айтылды.

Ачык диалог жана маанилүү демилгелер

Секретариаттын өкүлдөрү жакын арада региондук инвестициялык кеңештердин секретариаттары түзүлөрүн билдиришти. Мэр Тимур Мысырович Мадяров мэриянын алдында диалогдук аянтча түзүлөрүн жарыялап, анда мамлекеттик тараптан — мэр, ал эми жеке сектордон — аймактагы ишкерлердин бири теңтөрага болору белгиленди.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Арпачиев Данияр Карагулович да бизнес менен туруктуу жолугушууларды өткөрүү аянтчаларын кеңейтүү демилгесин колдоду.

Мындан сырткары, майыптыгы бар жарандар үчүн страховкалоо продуктуларына жетүүнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды — бул категориядагы адамдар үчүн жеңилдиктер жана преференциялар каралышы мүмкүн.

Эмне кийинки кадамдар?

Башка аймактардагыдай эле, «Караван» демилгеси маалымат берүү менен катар ишкерлердин көйгөйлөрүн угуп, сунуштарын чогултууну көздөйт. Жергинде айтылган маселелердин жана сунуштардын жыйынтыгы ведомстволорго жана Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.

 

Панелдик сессиялар менен катар ишкерлер театрдын фойесинде жеке консультацияларды алышты. Бул үчүн өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен консультациялык зоналар уюштурулду.

Иш-чаранын форматы эксперттик баяндамаларды, суроо-жооп сессияларын жана жеке жолугушууларды камтыды. Мындай ыкма актуалдуу мыйзам өзгөрүүлөрү боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга гана эмес, жер-жерлерде ишкерлер туш болгон реалдуу көйгөйлөрдү белгилөөгө мүмкүндүк берди.

Кербендин кийинки токтоочу жайлары: Талас — 8-апрель, Токмок — 10-апрель, Кара-Балта — 15-апрель, Бишкек — 16-апрель.

Уюштуруучулар JIA бизнес-ассоциациясы жана КР  Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы.  

Иш-чара КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ), БУУӨП, ЕРӨБ колдоосу менен өткөрүлүүдө.