Кыргызстанда “Бизнести агартуу кербени” өтөт

25-марттан 16-апрелге чейин өлкөнүн бардык аймактарында ишкерлердин, иш берүүчүлөрдүн укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында Бизнести агартуу кербени уюштурулат. Иш-чара ишкерлерге салык жана эмгек мыйзамдарындагы жаңы талаптарды, мамлекеттик жана жергиликтүү саясатты түшүнүүгө жардам берет. Айрыкча, региондордогу туризмди колдоо жаатында пайдалуу маалымат берет.

Иш-чаранын негизги максаты – ишкерлерди жана жарандарды салык жана эмгек мыйзамдарына киргизилген жаңы талаптар боюнча актуалдуу маалымат менен камсыздоо, ошондой эле алардын практикалык колдонулушун түшүндүрүү. Анда катышуучулар мыйзамдардагы өзгөрүүлөр менен таанышып, маалыматтык материалдарга ээ болуп, ошондой эле алдыңкы адистерден консультация алууга мүмкүнчүлүк алышат. Ар бир семинар панелдик талкууларды, интерактивдүү сессияларды жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө суроо берүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Иш-чаранын негизги багыттары:

  • Салык мыйзамындагы жаңы талаптар жана мүмкүнчүлүктөр боюнча түшүндүрмө
  • Эмгек мамилелеринин жаңыланган талаптары жана кызматкерлердин укуктарын коргоо
  • Прокуратуранын көзөмөлү жана мониторинги – бизнести коргоо жана талаш маселелерди чечүү жолдору
  • Ишкерлерди жана инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бизнес чөйрөсүн жакшыртуу саясаты
  • Туризм секторунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана региондордогу туризмди өнүктүрүү чаралары
  • Эксперттер менен талкуу жана актуалдуу суроолорго жооптор

Уюштуруучулар бул маалыматтык кербен ишкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана жаңы мыйзам талаптарынын аткарылбай калуу тобокелдиктерин азайтууга жардам берет деп күтүшөт. Ошондой эле, бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалогду жакшыртуу жана жеке сектор менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ишеним деңгээлин бекемдөө күтүлүүдө.

Кербен төмөнкү даректер боюнча өтөт:

  • Жалал-Абад ш., – 25-март
  • Ош ш., – 26-март
  • Баткен ш., – 27-март
  • Нарын ш., – 1-апрель
  • Каракол ш., – 3-апрель
  • Талас ш.,– 8-апрель
  • Токмок ш., – 10-апрель
  • Кара-Балта ш., – 15-апрель
  • Бишкек ш., – 16-апрель

Уюштуруучулар: JIA бизнес-ассоциациясы жана КР  Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы.  

Иш-чара КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) колдоосу менен өткөрүлүүдө.