Бишкек, 7-март 2025-жыл – Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгында НАБАнын координациясында электрондук соода жаатындагы бажы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча консультативдик топтун жыйыны өттү.
Талкууланган негизги маселелер:
• ЕАЭБдин Бажы кодексинин жаңы нормаларына ылайык улуттук мыйзамдарды жаңылоо.
• Бажы жол-жоболорун жеңилдетүү максатында Электрондук соода оператору институтун түзүү.
• Белгилүү бир товарлар үчүн бирдиктүү бажы төлөмүн киргизүү.
• Бажы төлөмдөрүнүн босого чегин (беспошлинный порог) кайра карап чыгуу жана анын таасирин талкуулоо.
• Бажы администрациясын санариптештирүү маселелерин кароо.
Жаңы эрежелер – жаңы мүмкүнчүлүктөр
Жыйында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик салык кызматы жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү бажы жөнгө салуусундагы өзгөртүүлөрдүн ишкерлерге жана логистика тармагына тийгизе турган таасирин талкуулашты.
Өлкөдөгү ишкерлер үчүн ачык-айкын жана ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү экени белгиленип, электрондук соода экономиканын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири экени жана Кыргыз Республикасы өз эрежелерин эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруусу зарылдыгы белгиленди.
Пилоттук долбоор жана келечектеги кадамдар
Электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду кайра ишке киргизүү маселеси каралып, бажы администрациясынын жаңы механизмдерин тестирлөө пландалууда. Ошондой эле жаңы система боюнча иштөөгө даяр электрондук соода операторлорунун талапкерлиги талкууланды.
Кийинки кадамдар:
• Жаңы нормаларды ишке ашыруу боюнча жол картасын түзүү.
• Өзгөртүүлөрдү көзөмөлдөө үчүн жумушчу топ түзүү.
• Реформа алкагында иштөөгө адистерди даярдоо.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы мамлекеттик органдар жана бизнес ортосундагы диалогду координациялоо иштерин улантат, бул Кыргыз Республикасында электрондук соода тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.