Бишкек, 22-февраль 2025-жыл – Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Эл аралык бизнес кеңеши тарабынан уюштурулган бизнес-тамак алкагында Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин көчмө жыйынын өткөрдү.
Иш-чарага 60тан ашуун бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, ишканалар жана Инвестициялык кеңештин мүчөсү болгон ишкерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Көчмө жыйында инвестициялык саясатты өнүктүрүү, бизнес-климатты жакшыртуу, ишкердикти колдоо жана административдик тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча негизги маселелер талкууланды.
Адылбек Касымалиев мамлекет менен ишкердик секторунун ачык диалогун үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгын белгилеп, инвестицияларды тартуу, бизнес чөйрөнү жакшыртуу жана ишкердикти колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда аракеттерди шайкеш келтирүү маанилүү экенин баса белгиледи.
Бизнес-ассоциациялар жеке менчикти коргоо, чакан жана орто бизнести колдоо программалары, жөнгө салуучу таасирди талдоо механизмин өркүндөтүү жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу тартибин сактоо боюнча маселелерди көтөрүштү.
Өзгөчө көңүл экономикадагы санариптештирүү процесстерине бурулуп, телеком-инфраструктураны өнүктүрүү жана Цифралык кодексти кабыл алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле регионалдык бизнес үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү, стартаптар үчүн шарттарды түзүү, венчурдук капиталды колдоо жана ишкерлерге болгон жүктөмдү азайтуу, анын ичинде текшерүүлөргө мораторий жарыялоо негизги багыттар катары белгиленди.
Көчмө жыйында ишкерлер экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтып, мамлекеттик органдар менен ишкердик секторунун ортосундагы диалогду бекемдөө зарылдыгын белгилешти.
Бардык каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бардык сунуштар мамлекеттик органдар менен ведомстволорго берилүүчү протоколдук тапшырмаларды камтыган жыйынтыктык протоколго киргизилет.
Жыйында көтөрүлгөн маселелер Инвестициялык кеңештин иш пландарына киргизилет жана зарылчылыкка жараша кийинки жыйындардын күн тартибине кошулат.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы бизнес-завтракты уюштурган жана көчмө жыйын өткөрүү үчүн аянтча түзүп берген Эл аралык бизнес кеңешине ыраазычылык билдирет.