Практикага багытталган билим берүүнү өнүктүрүү: Инвестициялык кеңештин катчылыгы жана "Ала-Тоо" университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгында "Ала-Тоо" университетинин өкүлдөрү Димитрий Эулер жана Эльмира Усенова менен жолугушуу өттү. Талкууга Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев, ошондой эле эксперттер Чолпон Асакеева жана Азем Акматбек катышты.

Жолугушуунун негизги темасы практикага багытталган билим берүүнү өнүктүрүү жана университеттер, бизнес жана мамлекеттик органдар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болду. Талкууланган демилгелердин бири – студенттерди чечимдерди кабыл алууда регулятивдик таасирди талдоо (РТТ) ыкмаларына үйрөтүүгө багытталган акселерациялык программаларды ишке киргизүү. Программа студенттерге укуктук негиздер жана экономикалык анализ ыкмалары боюнча билим берип, инвестициялык саясатты түзүү процессин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

Ошондой эле, инвестиция темасында хакатон уюштуруу маселеси талкууланды. Бул иш-чара студенттерге укуктук талдоо жана РТТ инструменттери менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп, аларды эмгек рыногунун талаптарына ылайыктап даярдоого шарт түзөт. Хакатондун алкагында мыкты иштелип чыккан долбоорлор мындан ары өнүктүрүү үчүн колдоо ала алышат.

Бул тажрыйба, айрыкча, аймактык жогорку окуу жайлары үчүн натыйжалуу кызматташуу модели болуп, өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да конкуренттүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы инновациялык жана ишкердик өнүгүү экосистемасын түзүүгө багытталган демилгелерди колдойт жана билим берүү, бизнес жана мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз кызматташууга даяр.