Аймактык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөө: Баткен жана Ош

2025-жылдын 22-январында Инвестициялык кеңештин катчылыгынын командасы өлкөнүн аймактарындагы иш сапарларын улантып, мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы диалогду бекемдөө жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чараларды талкуулап жатат.

Баткен

Баткенде Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, анын ичинде "Агросоода" долбоорунун өнөктөштөрү менен жолугушту. Жолугушууда негизги көңүл айыл чарба ишканаларын колдоого, агроөндүрүштө заманбап ыкмаларды киргизүүгө жана бул сектордун туруктуу өнүгүүсүнө багытталды.

Тараптар айыл чарба бизнесинин шарттарын жакшыртуу, инвестицияларга жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана логистиканы өнүктүрүү зарылдыгын талкуулашты. "Агросоода" долбоору аймакта айыл чарбаны өнүктүрүүгө шарт түзгөн натыйжалуу өнөктөштүктүн мисалы катары баса белгиленди. Жолугушуунун алкагында агрардык экономиканы бекемдөө максатында жаңы демилгелерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуулар болду.

Ош

21-январда Катчылыктын командасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев менен жолугушуп, РИКтин алдыдагы жыйналыштарын жана күн тартибине киргизиле турган маселелерди талкуулады. Мындан тышкары, аймакка инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду мамлекеттик органдар менен макулдашуу механизмдерин жакшыртуу боюнча маселелер каралды.

22-январда Катчылыктын эксперттери Бакытбек Самаков жана Азем Акматбек жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, анын ичинде ЖИА ассоциациясы менен жолугушуулар өткөрүштү. Жолугушуулардын негизги темасы ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу жана аймакка инвестиция тартууга багытталган демилгелер болду. Ишкерлер бизнес-долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги көйгөйлөрдү, мисалы, жер бөлүү маселелерин (мисалы, тоок фабрикасынын курулушу) жана ГЧӨ механизмдерин колдонуунун кыйынчылыктарын белгилешти. Ошондой эле бул маселелерди чечүү жолдору боюнча пикир алышуулар болду.

Бул жолугушуулар Инвестициялык кеңештин катчылыгы уюштурган аймактардагы иш сапарлар сериясынын бир бөлүгү болуп саналат. Анын негизги максаты – мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана аймактардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү.

Аймактык иш сапарлар катчылык, ГЧӨ борбору жана ПРООН тарабынан биргелешкен демилгенин алкагында ишке ашырылып, негизги долбоорлорду колдоого жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган.