2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору боюнча улук инвестициялык адиси Сумит Шукла мырза менен жолугушту.
Жолугушууда IFC тарабынан МЖӨ алкагында ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор жана демилгелер талкууланды. Айрыкча артыкчылыктуу багыттарга жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду.
IFC Инвестициялык кеңештин катчылыгынын активдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Инвестициялык кеңештин отурумдарына үзгүлтүксүз катышып келет. Айрыкча, кайра жаралуучу энергия булактары (КЖЭБ) тармагындагы бир нече маанилүү долбоорлор Кеңештин отурумдарында каралып, жашыл экономиканы өнүктүрүүдө инновациялык ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.
Тараптар ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жана өлкөнүн стратегиялык тармактарына эл аралык инвестицияларды тартуу максатында активдүү кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашты.