Катчылыкта санарип экономикасын чыңдоо маселеси талкууланды

Понедельник, 16 Декабрь 2024 13:11
2024-жылдын 19-ноябрында Бишкекте мамлекеттик ишканалардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда консультациялык жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын 2024-2028-жылдарга карата санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу маселесине арналды.
 
Жолугушууда негизги көңүл бизнес-ассоциациялар тарабынан санарип экономикасын чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде санариптик трансформацияны ишке ашыруу стратегиясын талкуулоого, анын ичинде электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана калк менен бизнес-сектор үчүн санарип кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга бурулду. Жолугушуу өкмөттүн бардык жарандарга жана ишканаларга жеткиликтүү инклюзивдүү санариптик экосистема түзүү, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча аракеттеринин алкагында өттү.
 
Катышуучулар бардык тармактарда санариптик демилгелерди күчөтүү зарылдыгын белгилеп, натыйжалуу жана ачык экономикалык чөйрөнү түзүүгө салым кошуу максатында мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
 
Жолугушууда ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган "Ишкер 24" мобилдик колдонмосунун жаңыланышы жөнүндө маалымат берилди.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын технологиялык инфраструктурасын модернизациялоого, инновацияларды стимулдаштырууга жана ачык, инклюзивдүү экономиканы түзүүгө багытталган санариптик демилгелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү улантууда.