2024-жылдын 15-ноябрында Бишкекте, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, БУУӨП, БУУ-Аялдар жана башка негизги өнөктөштөр тарабынан уюштурулган Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогу боюнча үчүнчү жыйынтыктоочу отурум болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев да катышты. Өзүнүн презентациясында Улук Кыдырбаев өлкөдө бар болгон инвестициялык механизмдер жана Борбор Азияда аялдардын ишкердигин колдоо тууралуу баяндама жасады. Инвестициялык кеңештин катчылыгы аял ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын экономикадагы ролун чыңдоого жана ийгиликке жетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган демилгелерди колдоону улантууда.
Иш-чаранын программасына аялдардын ишкердигин жана инновацияларды колдоого, ошондой эле аймакта динамикалуу экосистеманы түзүүгө багытталган стратегияларды иштеп чыгууга байланыштуу маселелер кирди. Жыйынтыктоочу отурумдун алкагында Кыргыз Республикасынан Тажикстан Республикасына Диалогдун төрагалыгын өткөрүү аземи да болуп өттү.
Жогорку Кеңештин Төрага орун басары Жамиля Исаева Кыргыз Республикасынын төрагалыгы учурунда көптөгөн маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгилеп, булар Диалогду институциялаштыруунун бекем пайдубалын түптөгөнүн айтты. Ал Диалогдун расмий сайты түзүлгөнүн, социалдык тармактарда баракчалары ишке киргенин баса белгилеп, бул демилгелер регионду туруктуулук, гүлдөп-өнүгүү жана теңдик жолуна саларына ишеним билдирди.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы инвестициялык климатты жакшыртууга жана аймактагы аялдардын ишкердиги менен инновацияларын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоону улантууда. Диалогдун жыйынтыктары жана анын алкагында кабыл алынган сунуштар Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө жана аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет деп ишенебиз.