13-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Борбордук Азиянын бизнес-ассоциациялары үчүн Мамлекеттик-Жеке Диалогдун Регионалдык Академиясы башталды. Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, аймактагы МЖДны өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев конок лекция окуп, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке диалогдун (ГЧД) механизмдерин ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал Инвестициялык кеңешти мисал катары келтирип, өлкөдө жогорку деңгээлде иш алып барган жалгыз активдүү мамлекеттик-жеке диалог аянтчасы катары анын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, Кеңеш мамлекет жана бизнес ортосунда конструктивдүү диалог үчүн мейкиндикти кандайча камсыздап жатканын көрсөтүү үчүн конкреттүү учурларды мисал катары келтирди. Учурда аймактарда мамлекеттик-жеке диалогду активдештирүү боюнча иштер жүрүп жатканын, атап айтканда, Регионалдык Инвестициялык кеңештерди түзүүдө ПРООНдун колдоосу маанилүү экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, Улук Кыдырбаев бизнес-ассоциациялардын ишин күчөтүү жана ишкерлердин кызыкчылыктарын регионалдык жана улуттук деңгээлде натыйжалуу коргоо үчүн алардын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо зарылдыгын белгиледи.
Мамлекеттик-Жеке Диалог боюнча Регионалдык Академияны Эл аралык ишкерлер кеңеши жана Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) өткөрүүдө. Академия мамлекеттик-жеке диалог институттарын бекемдеп, ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоодо бизнес-ассоциацияларга көмөк көрсөтүүгө багытталган.