2024-жылдын 23-октябрында Бишкекте «Борбор Азиянын жашыл өнүгүү жолу 2024» аттуу жашыл экономика боюнча Регионалдык форум өз ишин баштады. Анын негизги максаты – жашыл экономика тармагында, анын ичинде жашыл энергетика, туруктуу туризм, жашыл курулуш жана таштандыларды башкаруу сыяктуу багыттарда Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат. Форум ошондой эле регионалдык деңгээлде келечектүү демилгелерди аныктоого жана аларды биргелешип алдыга жылдырууга багытталган.
Конференция жана панелдик сессия жашыл экономикалык өнүгүү жана туруктуу өсүштүн маанилүү маселелерине арналды. Улук Кыдырбаев өзүнүн ачылыш сөзүндө «Жашыл экономикага өтүү – Борбор Азиянын экологиялык өнүгүүдө лидердик позицияга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет, экономикалык өсүү менен ресурстарды жоопкерчиликтүү пайдалануунун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо менен» деп белгиледи. Ал экономикалык өсүшкө жана социалдык туруктуулукка өбөлгө түзүүчү ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана жеке секторлордун өнөктөштүгүн чыңдоонун зарылдыгын баса белгиледи.
Панелдик сессиянын жүрүшүндө катышуучулар Борбор Азияда жашыл экономиканы ишке ашыруу боюнча кеңири спектрдеги темаларды талкуулашты:
- Европа Биримдигинин жашыл өнүгүү демилгесин колдоосу, айрыкча энергетикалык инфраструктураны трансформациялоого багытталган Борбор Азиядагы долбоорлорго 1 миллиард евродон ашык каражат бөлүнгөнү жөнүндө айтылды. Бул долбоорлор регионду жаңыланып туруучу энергия жаатында интеграциялоого жардам берет.
- Доктор Рено Вюнье айтып берген Швейцариянын тажрыйбасы жаңыланып туруучу энергетикага инвестиция аймактардын экономикалык туруктуулугун кантип чыңдай аларын көрсөттү, анын мисалы катары Ысык-Көл облусундагы долбоор келтирилди.
- Евразия өнүктүрүү банкы жашыл каржылоону жана энергиянын натыйжалуулугун колдоо стратегиясын сунуштады. Конрад Альбрехт туруктуу өнүгүү максаттарын регионалдык демилгелер менен шайкеш келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, банк тарабынан каржыланган долбоорлорду бөлүп көрсөттү.
- ОЭСРдин өкүлү Такайоши Катонун экономикалык өсүү менен ресурстардын туруктуулугун тең салмактоого болгон саясий мамилелери Борбор Азия үчүн өзгөчө актуалдуу экени айтылды, анткени суу, энергия жана жер ресурстарынын маселелери бири-бири менен тыгыз байланышта.
- Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлү Жанабил Давлетбаев жашыл практикаларга өтүүдө жеке сектордун кыйынчылыктарын белгилеп, чакан жана орто бизнес үчүн жашыл технологияларды киргизүүнүн жогорку чыгымдары негизги тоскоолдук экенин билдирди.
Панелдик дискуссия эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп, мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы терең өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын баса белгиледи. Долбоорлорду ишке ашыруу менен байланышкан тобокелдиктер жана аларды азайтуу үчүн инновацияларды жана алдыңкы технологияларды колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле катышуучулар жашыл күн тартибин натыйжалуу ишке ашырууга жардам берүү үчүн жеке секторду мыйзамдык чаралар жана колдоо программалары аркылуу стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Сессиянын жыйынтыгы эл аралык диалог жана тажрыйба алмашуу жашыл экономиканын долбоорлорун ишке ашырууда ийгиликке жетүүдө маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи. Инвестициялык кеңештин катчылыгы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жана өлкөдөгү жашыл экономиканы өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүүнү улантып, туруктуу өнүгүүгө жана негизги долбоорлорго жаңы инвестицияларды тартууга багытталган аракеттерди колдойт.