Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев III Эл аралык ГЧП конференциясынын алкагында "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык диалог" аттуу панелдик сессиянын модератору катары чыгып сүйлөдү. Бул сессияда дүйнөлүк тажрыйбаларга негизделген ГЧП долбоорлорун ишке ашыруунун негизги аспектилери талкууланды.
Талкуунун негизги бөлүгү мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы өз ара кызматташууну күчөтүүнүн зарылдыгына арналды, бул ийгиликтүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, экономикалык өсүштү жана социалдык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Сессиянын катышуучулары, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Евразия экономикалык комиссиясы сыяктуу эл аралык уюмдардын эксперттери өз өлкөлөрүндө ишке ашырылган ийгиликтүү жана ийгиликсиз долбоорлорду мисал келтиришти.
Айрыкча, Түштүк Кореядан келген профессор Хван Вон Гюдун доклады кызыгуу жаратты. Ал мамлекеттер үчүн маанилүү сабак болгон ийгиликсиз долбоорлорду мисал келтирди. Анын баяндамасы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда бардык тобокелдиктерди эске алып, алдын ала кыйынчылыктарды божомолдоо канчалык маанилүү экенин көрсөттү.
Панелдик сессиянын катышуучулары:
• Надира Мырзагалиева, АО «Казакстан ГЧП борборунун» аткаруучу директору
• Д-р Эюп Вурал Айдын, Стамбул ГЧП борборунун төрагасы
• Прадхан Гришма, Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасынын (CLDP) кеңешчиси
• Стивен Ван Грассе, Хасселт университетинин деканынын орун басары
Панелдик талкуу эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн, анын ичинде инвестицияларды аймактарга тартуу үчүн адистештирилген бренддерди иштеп чыгууну баса белгиледи.