Мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү Кыргыз Республикасында туруктуу социалдык-экономикалык өсүш үчүн негизги мааниге ээ. Мамлекет башчысы С.Н. Жапаров белгилегендей: «Биздин эртеңки күнүбүз коомубуздун бакубаттуулугу балдарыбыздын туура тарбия терең билим алышы үчүн кандай кам көргөндүгүбүзгө жараша болору анык». Бул багыт ошондой эле «Meктепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунда да белгиленген. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы балдардын 28,3% бала бакчага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Азыркы учурда бул көрсөткүчтү жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүгү (МЖӨ) моделин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга арналган жолугушуу болуп өттү. Талкуунун жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү тармагындагы инфратүзүмдү жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында МЖӨнү натыйжалуу моделдерин иштеп чыгуу үчүн консультациялык топ түзүү чечими кабыл алынды.
Жолугушууда бала бакчалардагы орундардын жетишсиздиги, эскирип калган окуу жайлары жана квалификациялуу мугалимдердин жетишсиздиги сыяктуу негизги маселелер талкууланды. МЖӨ алкагында бул маселелерди чечүү жана мектепке чейинки билим берүү системасынын келечектеги туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жеке капитал тартылат деп пландалууда.
Консультациялык топтун курамына МЖӨ борбору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» Коомдук Фонду, «Билим берүү уюмдарынын ассоциациясы» коомдук бирикмеси жана IFC өкүлдөрү кирди. Мамлекеттик органдар менен жеке сектордун биргелешкен иши пилоттук долбоорлорду жакынкы жылдарда ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.
Бул демилге өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ар бир бала үчүн билимге жетүүсүн камсыз кылууга карата маанилүү кадам болуп, МЖӨ механизмдери бюджеттик чектөөлөрдүн шартында коомдук маанилүү маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу курал боло аларын көрсөтөт деп ишенемин.