КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен жолугушуу

Понедельник, 16 Сентябрь 2024 11:19

Катчылыктын командасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мысырович Мадияров менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Негизги талкуу болгон тема - ушул жылдын октябрь айында Баткен шаарында өтүүчү "Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү 2" экинчки Баткен инвестициялык форумунун алкагында өткөрүлө турган Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин көчмө жыйынын уюштуруу болду.

Жолугушууда отурумдун күн тартибинин негизги маселелери каралдып, анын ичинде Баткен облусунун уникалдуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар  болоору белгиленди. Иш-чара аймактын инвестициялык долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин төрагасынын, бизнес коомчулугунун, инвесторлордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн көңүлүн бурат.

Форумдун алкагында көчмө жыйындын өтүшү, ачык жана конструктивдүү мамлекеттик-жеке диалог үчүн уникалдуу аянтча түзөт. Бул жергиликтүү бизнес коомчулугунун борбордук бийлик органдарынын өкүлдөрү менен түздөн-түз байланыш түзүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Мындан тышкары, жыйын менен катар форумдун алкагында бир катар иш-чаралар, панелдик дискуссиялар, B2B жана G2B форматында жолугушуулар өткөрүлөт. Бул жолугушуулар кызматташтык боюнча макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюуга негиз түзүп, инвестициянын агылып келүүсүнө жана аймактар аралык өнөктөштүктүн чыңдалышына өбөлгө түзөт.

Бул иш-чара Баткен облусунун инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшүп, аймакта гана эмес, жалпы өлкөнүн инвестициялык климатын өнүктүрүүгө салым кошуп, бизнес менен бийликтин аракеттерин бириктирүү региондун экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу натыйжаларга жетүүгө алып келет деп ишенебиз.