Чакан жана орто бизнестин сунуштарын иштеп чыгуу үчүн санариптик платформа түзүү боюнча тендер

Понедельник, 02 Сентябрь 2024 10:09

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы чакан жана орто бизнестин сунуштарын иштеп чыгуу үчүн санариптик платформа түзүү боюнча тендер жарыялайт.

Арызды кантип тапшыруу керек: Арыздар техникалык жана финансылык бөлүккө бөлүнүшү керек. Ар бир бөлүк тиешелүү документтер менен өзүнчө конвертке салынуусу абзел: «ТЕХНИКАЛЫК БӨЛҮК» жана «ФИНАНСЫЛЫК БӨЛҮК», тендердин аталышын көрсөтүү менен.

Мөөнөттөр: Тендердик документтерди 2024-жылдын 13-сентябры, саат 15:00гө чейин курьер аркылуу төмөнкү дарекке жеткирүү зарыл: Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе.

Комча маалыматшу: Кошумча маалымат алуу үчүн Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына кайрылсаңыз болот.

Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести каржылоо жана өнүктүрүү (SME F&D) тобу экономикалык өткөөл мезгилди колдоп, ишке жарактуу чакан, орто жана микроишканаларга өзгөрүүлөрдү киргизүүгө жана ЕРӨБтүн иштеп жаткан өлкөлөрүндө туруктуу кеңеш берүү кызматтарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Бул долбоордун негизги максаты чакан жана орто бизнести (ЧОБ) жана жергиликтүү бизнес ассоциацияларды санариптик трансформациялоо демилгесин баштоодо колдоо болуп саналат. Бул долбоор бизнес ассоциациялар үчүн Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен болгон байланышты күчөтүүгө, ошондой эле келип түшкөн сунуштарга жана пикирлерге ачык жана ыкчам жооп берүүгө багытталган, ыңгайлуу жана интуитивдик веб-платформаны иштеп чыгууга көмөктөшүүгө багытталган.

Документтерди төмөнкү шилтеме аркылуу таба аласыз