Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө арналган Регионалдык Инвестициялык кеңештин жыйыны жыйынтыкталды

Понедельник, 19 Август 2024 11:19

Бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунда өткөн Регионалдык Инвестициялык кеңештин жыйыны жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган иш-чарага 100дөн ашуун катышуучу, анын ичинде ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, маалымат каражаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жыйында Ысык-Көл облусунун узак мөөнөттүү келечеги жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Аймактын туруктуу экономикалык өсүшүн камсыздоого негиз боло турган региондук инвестициялык пландарды жана жол картасын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүүнүн учурдагы абалын жана келечектеги жолдорун талкуулашты, ошондой эле МЖӨнүн трансформациялык инфраструктурасынын региондун экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирине басым жасалды. Иш-чаранын жүрүшүндө аймактын инвестициялык климатын жакшыртууга жана жаңы инвестицияларды тартууга багытталган ийгиликтүү долбоорлор жана демилгелер сунушталды.

Жыйындын негизги аспектилеринин бири болуп, жергиликтүү деңгээлде бизнес-экосистеманы андан ары жакшыртуу маселеси турду. Ишкердикти өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу жана аймакта экономикалык активдүүлүктү стимулдаштыруу боюнча чаралар талкууланды.

Регионалдык Инвестициялык Кеңештин жыйыны Ысык-Көл облусун биргелешип өнүктүрүүгө жана жалпы максаттарга жетүү үчүн кызматташууга катышуучулардын чоң кызыгуусун тастыктады. Катышуучулар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо жана региондун абалын жакшыртууга багытталган стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти улантуу тууралуу макулдашышты.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты тарабынан, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен биргеликте, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн жана Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен уюштурулган.